- Давыдов жана Лысый мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлүп жаткан иштетилген топурак жана башкаларды көрүп күйбөгөн жериң күл болот экен.  Суу деген эмне деген байлык , эми ошону талкалап ууланган отходдор менен жасалма эритип жаткандары кыянаттык эмей эмине. “Центерранын” бул кылыгы сотто карала  турган иш. Керек болсо, ушуну көрүп, билип туруп унчукпай иштеп жаткан депутаттар, бийлик адамдары толугу менен жооп бериши  керек... Мен Жети - Өгүздөнмүн, жанагы “Центеррага” берилген жүздөгөн гектар жерлер биздин айыл өкмөттүн элинин жайыт жери. Алтын казабыз деп жайыттын таш-талканын чыгарып, мөңгүлөрдү талкалап салышты. Ушунчалык акмакчылыктын кереги жок эле да. Ошон үчүн суу Кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоп берген  депутаттар толугу менен жооп бериши керек.