Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 349

- Камчыбек Ташиев агабызды колдоп, жардам бергиле! Туш тараптан тытмалап, каралап, өз уулуңарга душман болбогула! Качан караба жанын үрөп бардык жакка жүгүрүп, элим деп  жанын  үрөп жүрөт! Эмне биздин өлкө бир эле  Ташиев менен Жапаровго керекпи? Кыргызстан  баарыбыздыкы, жапа тырмак ынтымакта мамлекетибизди  көтөрөлү. Сазга батырып кеткен көпөстөрдү, ууру кески, жегичтерди колдоп өз мекениңерге чыккынчы болбогула! Бузукуларга, ичтен чыккан ийри жыландарга жетеленбей, бир туунун  алдына бириккиле баарыңар! Жапаров менен Ташиевге душман болбой, ушул экөөнү колдоп алгыла, керек болсо ички сырткы душмандардан сактап коргоп алгыла! Бир тараптан тажиктер, бир тараптан өзүбүздүн отуз жылдан бери мамлекетти жеп ичкен  жемкорлор жана алардын кошоматчылары Ташиевге тишиңерди кайрап, өлкөнүн тынчтыгын бузбагыла. Эсиңерди жыйгыла, ыдырабай ынтымакка келгиле. Камчыбек Ташиев агабызга ден соолук, күч-кубат берсин, Жараткан өзү жар болсун! Элдин, уулу  деп ушул инсанды айтабыз! Эл уулдары дегенде  кайдагы бир өлкөнү тоногон, жеген,  жемкор, канкорлордун атын атабай , мамлекет үчүн жан үрөгөн  элдин чыныгы уулдары  Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду колдоп, коргоп алалы.

Айка Темирбекова