- Бийлик “Кумтөрдөгү” алешемдиктерди аныктоого кирише баштаганы камалгандардын жакындары, тарапташтары  коюлган айып жалган деген пикирлерин билдире башташты.  Эми булар бийликтин баштаган ишинин аягына чыгышына  тоскоолдук жаратышпайбы?
  
 - Тоскоолдук жарата алышпайт. Жакындары, санаалаштары, тарапташтары ченелүү эле. Ошондуктан, нааразы тарап эч качан күч алып кете албайт. Анткени, алар ууруларды колдоп жатышат. Ууруну колдогондор чоң күчкө айлана алышпайт. Ошондой эле мындан ары ким камалса эле патриот, биздин бала, элдик уул деп актаганды токтотушубуз керек. Азыр жөн эле адамдар эмес,  “Центерра” менен бирдикте Кыргызстандын ырыскысына кол салган жемкорлор камалып жатат. Алар жөн эле камалбай соттун чечими менен камакка алынууда. Азыр бирөөгө жан тартып чыга турган заман эмес. Жемкорлорду камап, жеп ичкенин төлөтүшүбүз керек. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө каргана берет. Жемкорлордун камакка алынганы үчүн  Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жек көрбөшүбүз керек. Алар  элге берген убадаларын аткарып, “Кумтөрдөгү” коррупцияны жана экологияга келтирилген чыгымдарга басым жасап жатышат. Ошондой эле   Акылбек Жапаровду да жаман көрбөшүбүз керек. Ал “Кумтөр” маселесинде  өз иштермандыгын көрсөтүп, кумтөрдү иштеткен компаниянын катачылыктарын шурудай тизип, парламентке алып чыкты. Кылымдын афёрасын ачыкка чыгарып жатышат. Ошондуктан, ууруларды колдоп, буларга көө шыбайбыз деген ойдон  алыс болушубуз керек. Керек болсо, митингге чыккандарды да чекесинен суракка алып,  колдоп чыккан кишисинин тазалыгын далилдеп бер десең эч кимиси унчуга албай калат. 

- Бирок, Бабанов да ак жеринен камалды дегендер четтен чыгып жатат го? 

- Чынында Бабабновдун былыгы эчак эле ачылган.  Ал 100 миллион сом берип койсом эле болгон кылмышымдан  кутулуп кетем деп ойлогон. Эми анын маселеси 100 миллион доллар менен да чечилбейт. Керек болсо, бар байлыгынан ажырайт. Анткени, мурунку премьер-министрлер да Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, “Центерранын” кызыкчылыгын жогору коюшкан. Ошон үчүн Бабанов, Абылгазиевди эле эмес Жантөрө Сатыбалдиевди жана башка  премьер-министрлердин ал турсун мурунку президенттердин  да  камаш керек. Күнөөлөрүн тергөөдө  далилдеп, күнөөлөрүн мойнуна коюш керек.