Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 124

 - Мамат агай, тажиктер неге келишимди бузуп, Чоң-Алайдагы тактала элек жерге контейнер орното башташты? Буларда сөзгө туруу, убаданы аткаруу деген жокпу?

- Чоң-Алайдагы чек ара окуясы, Баткен, Лейлек райондорундагы согуштун уландысы. Демаркация, делимитация бүтүп, чек ара бекип, зым тартылып бүтмөйүнчө провокация кайталана берет. Тажиктердин келишимди бузганы “Сарт там айланганча” деген ата- бабаларыбыздын сөздөрү туура экенин далилдейт. Анткени, тажик коңшулардын кыялы, менталитети ушундай. Буларды жеңиш үчүн, келишимди буздурбаш үчүн, булардан аша чабыш керек. Орусча айтканда, “их надо опережать постоянно. Сможем?”

- Буларды кимдир бирөө көкүтүп жатабы же жаңжал чыгарууга аргасыз кылган жагдайлар барбы?

- Пакистан, Иран, Афганистан өлкөлөрү Тажиктерди  колдойт. Анткени, алдардын  наркотрафик кызыкчылыгы бар. Аны байкатпоого аракет кылып,  жер, суу үчүн күрөшөт. Биздин мурдагы бийликтегилер түшүнгөн эмес, эң жаманы түшүнгүсү да  келген эмес. Бул маселе оор, кооптуу болсо да батынып чечебиз деп турган бүгүнкү бийлигибиздин аракетин колдоп. Кичине кемчилиги болсо айтып турганыбыз тура.

- Дагы согуш чыгып кетпейби, тажик аскерлери аскердик техникаларды  алып келип жатышат деген маалыматтар айтылып жатат го?

- Согуш болбойт деген кепилдик жок. Орустардын жакшы сөзү бар, “хочешь жить в мире , готовься к войне” деген. Тынчтыкта жашоону кааласак, согушка даяр турушубуз керек.