- Айданбек байке, “Кумтөр” кениндеги коррупция боюнча депутаттар, мурунку премьер-министрлер кечээтен бери камакка алына баштады. Эми Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн да талкалоого уруксат берген депутаттар жана ошол кездеги бийликте тургандар да жооп бериши керекпи?
- “Кумтөр” боюнча болуп көрбөгөндөй тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка каршы келген чечимдерди кабыл алууну демилгелеген, парламентти ошондой чечим кабыл алууга мажбурлагандар жооп бериш керек. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт. Бирок депутаттарды мына ошого мажбурлагандар бар. Айрым депутаттарды сатып алгандар болушу да мүмкүн. Сатып алуу фактысы аныкталса, анда коррупция боюнча депутаттар да жоопко тартылышы керек.
Эң негизгиси, “Кумтөрдөгү” коррупциялык схема аныкталып, Кыргызстан эл аралык арбитражда жеңилбей турган болушу керек. “Кумтөрдөгү” коррупцияга тиешеси бар чиновниктер күнөөсүн мойнуна алып, канча каражат, качан жана кайсы банктагы эсептерине которулганын айтып, “Центерранын” чыныгы жүзүн, ыплас иштөө ыкмаларын ачууга жардам бериши керек. Алардын мамлекетке, элге тийгизе турган пайдасы да ошол болмок.
“Кумтөр” боюнча кармалгандар, коррупцияга аралашканы чын болсо, анда тергөө менен кызматташып, коррупциялык схемаларды ачып, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, болгон коррупциялык акчаларын мамлекетке кайтаруу мезгили келип турат.
- Камоолор башталганы камакка алынгандардын тарапташтары саясий куугунтук деп чыга башташты. Чын эле Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров саясий куугунтукка кептелиштиби?
- Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун ишинде эч кандай саясий куугунтук жок. Алар азыркыларды бийликке алып келгендер. Мына ошол “кызматы” үчүн “ат үстүндө тайраңдап” жүрө беребиз деп, жасабаганды жасашкан. Эгерде “Кумтөр” маселеси мынчалык ачылбаганда, алар мына ошентип жүрө беришет эле. Азыр “Кумтөр” маселеси тагдыр чечүүчү болуп жатат. Же Кыргызстан утуп, өз байлыгына өзү ээ боло баштайт же арбитражда утулуп, “итке минген” абалда калат... Ошондуктан “патриотмун” деген коррупционерлер “Кумтөрдөгү” коррупцияны ачууга жардам берип, тергөө менен кызматташып, коррупциялык схемалар ачылыш керек, “Центерра” жүзү жер карап, ал эл аралык арбитраждан арызын алып, экологияга келтирген зыяндарын төлөөнү ойлош керек.
- Өмүрбек Бабановдун, Мухаммедкалый Абылгазиевдин камалышы “Кумтөрдөгү” коррупциянын ачылышына шарт түзөбү?
- Ал экөө өз эрки менен коррупциялык схеманы ачып беришсе, анда шарт түзөт. Чындыгында чечимди жогорурактагылар кабыл алышкан. Өкмөт башчылар адатта курал болуп келген. Акаев убагында Танаев сыяктуу...
- “Кумтөргө” тиешеси бар”- деген камоолордун жыйынтыгы менен нааразы тараптар күч алып кетпейби? Бизде камалгандардын баарын эле аяп, элдик уул кылып алган адатыбыз бар эле го?
- Кармалган адамдардын “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштерге аралашканы аныкталып чыкса, эч кимдин чыгууга акысы жок. Чыкпайт деп ойлоймун.
Булак: “Майдан. kg” гезити