- Мамат Марипович, Баткенди сиздей билген башка адам, өнүктүрүп, тартипке салган башка губернатор жок деп айтып калышат. Баткенге кол салуу болгондо да сизди көп эстеп жатышты. Соцтармактарга “эмнеге Айбалаевди губернаторлукка алып барышпайт?”- деген суроо да көп жазылды. Ошон үчүн, чек ара маселесин, Баткен көйгөйүн жакшы билген адам катары сизге бир нече суроо менен кайрылып жатабыз. Азыр жаңы мыйзам кабыл алуу алдында турушат, Баткенге өзгөчө макам берүү жана ал жакта иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканаларды беш жылдан он жылга чейин салыктардан бошотуу, чек арага чектеш жайгашкан айылдардын тургундарына куралдарды берүү боюнча. Буга кандай карайсыз?
- Оң жагынан карайм. Себеби, 1999-2000-жылдары Баткенге душмандар кол салганда, 1959-жылга чейин эл жашаган айыл болуп, кийин тургундар ылдый көчүрүлүп жайлоо катары калган Керөөсүн тараптан келишкен. Ошол окуядан кийин, анда Акаевдин бийлиги болчу, “ар бир сайга экиден мергенчиге берели, аларды снайпердик форма, курал менен камсыздап, айлык төлөйлү, аймактын коопсуздугун карашсын”- деген сунуш киргизгем. Мергенчилер сакчылыкка турушса, жаш аскер балдар каза болбойт эле. Мергенчилер душманды терип атат. Анан калса бул калк абдан тартиптүү болушат. Мен кичине чагымда таенемдин колунда өсүп, мергенчилер менен аралашып чоңойдум да. Абдан табиятты сыйлаган, кийик атканда да ургаачысын эмес эркегин, жашын эмес, карысын аткан аң сезимдүү адамдар болушат. Ошондуктан, мергенчилерди мекен чегине жаман ниеттүү душмандардан коргоо үчүн койгонубуз туура болмок. Бирок аны кабыл алышпады, себебин айтпай эле коеюн. Бүгүнкү айтылып жаткан чек арадагы тургундарга курал берүү маселеси абдан туура. Куралды урунганды билген мергенчилерге, аскерде кызмат өтөгөндөргө айыл өкмөтүнүн чечими менен берген ылайык келет деп ойлойм.
- Бирок ошол эле учурда чек арага курал берүү менен талаа командирлерин жаратып, коопсуздукка коркунуч келтирип алабыз деп чоочулаганлар да жок эмес...
- Мен да Баткенденмин, тарбияны ошол жактан алдым. Азыр да тууган-урук менен байланыштабыз. Баткендиктер абдан тарбиялуу, маданияттуу калк болушат. Ошондуктан, кандай болгондо да тажиктерге окшоп эч убакта чектен чыгышпайт. Андай жырткычтыкка кыргыз эли да, бийлиги да барбайт. Кечээги окуядан коңшу жашаган элдин жапайылыгын, жырткычтыгын билип таң калдым. Ишеним жок экен аларга, абдан сак болушубуз керек. Чек араны бекемдеш керек. Окуядан 36 азаматыбыз каза болду. Тажиктер өлтүрдү аларды, анан кантип кайра алар менен кучакташып кетмек элек? 36 жараныбызды эч убакта унутпашыбыз керек. “Тынчтыкта жашагың келсе, согушка даяр бол” деген сөз бар. Анын сыңарындай, өз мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуп, чек арабызды бекемдеп, сак бололу. Губернатор болуп турганымда Коопсуздук катчысы Мисир Ашыркуловго кайрылдым. Балыкчыда 300 танк турат деп уккан элем, ошону сурадым. “Баткенде акыбал чатак, 150 танкты ушул жакка алып келип коелу. Тажиктер катуу сүйлөгөндөн чоочуп калышат”, - дедим. Ашыркулов макул болду, бирок Өзбекстан Фергана өрөөнү аркылуу алып өтүүгө болбой койду. Андан кийин Султан Урманаевге, ошол кездеги ӨКМ министрине кайрылдым. Абдан азамат жигит экен, бир айдын ичинде Омскийден 3-4 вагон алып келип, 5-6 тонна трейлерди даярдап баштады. Ошону ташып алмакпыз, бирок ага жетпей мени кызматтан алышты. Ошол бойдон бул унутулду. Кийин, көп убакыт өткөндөн кийин бирөөлөр чалып айтышты, баягы Балыкчыдагы 300 танк сатылыптыр, металом катары.
- Кимдер сатышты?
- Акаевдин убагында болду да. Кулов вице-президент эле. Бирок ал жалгыз сата алмак эмес, Акаев экөөлөп танктардын аягына чыгышты. Менин оюмча, ал танктар Африкага кетти. Сатканда металлолом катары “оформить” эткени менен, наркы курал-жарак эсебинде болуп, чөнтөктөргө кетти да. Андан сырткары 60ка жакын самолет сатылып кетти, Токмоктун, Бишкектин жанында база бар эле, абдан сонун тик учак, учактарыбыз бар болчу. Баары кетти... Курал –жарактарды Тажикстанга да сатышты. Жардам бергенбиз деп жатышпайбы, эч кандай жардам эмес, сатышкан. Ошон үчүн тажиктер рахмат айтышкан жок. Бүгүнкү күндөгү акыбалга ушул экөө алып келишти. Танктар, самолеттер турганда тажиктер бизге үн көтөрө алмак эмес. “Ляппай” деп гана турушмак.
- Дайыма бир суроо жашап келет да: эмнеге эгемендүүлүк алган жылдары эле чек ара маселесин чечип коюшкан эмес деп. Талашты тереңдетип, акыбалды оордотууга Мадумаров да жерди арендага алганын бышыктаган документке кол коюу менен салым кошкон да дешет. Сиз бул тууралуу билесизби?
- Көк-Таш менен Ортобоз айылынын ортосунда Жака-Өрүк аймагы бар. Ошол жерге 1998-99-жылдары кытайлар Баткенден Исфанага жол салышкан. Сайдын жээгине келгенде тажиктер чыгышып, талаш аймакка жол курулушуна каршы болушат. Ошол бойдон таштап коюшса болот эле да? Жолду кыйгачтатып, Ортобоздон ары кура беришсин. Жок, булар тажиктер көтөрүлгөндөн кийин ал жерди тажиктердики деген протколго кол коюп, бир канча жылга арендага алган адам болуп документти тууралап, жолду улантып кетишиптир. Сайдын кеңдиги 700-800 метр, дарыя ортосунда агып жатат. Өзү кагыраган талаа болчу. Тажиктердики дегенден баштап Мачаи айылынын тургандары заматта өздөштүрүп, үй куруп көчүп келип алышты. Ошону менен алар Головнойго жакындап калышкан. Эгер бул жолдун аренда убагы аягына чыкчу болсо, Лейлек району, Сүлүктү шаары, Ак-Татыр айыл өкмөтү анклав болуп калат. Мадумаров эмне кылганын түшүнүп жатабы?
- Негизи ал жер тажиктердики болгон эмес да?
- Ал жер менин туулуп-өскөн кичи мекеним. Бала кезде ошол аймакка барып сууга түшүп, мал жайып жүрүп чоңойдук. Бир да тажик жолочу эмес ал жакка. Мачаиде адам аз, 1500дей эле киши жашайт. Чоркух болсо ал жактан абдан алыс, 5-6 кмдей. Эмнеге Мадумаровдор ушул жолго барып, тажиктердин жери кылып салышканын, билбейм. Кыргыздын жерин берип, ошол жерде жашаган улутташтарын оор акыбалга кептеп койгонун билишер бекен. Мындан ары мындан да оор болот. Ташиевдин Ворухту алмашабыз деп айтканы туура, мен аны колдойм. Ворухту дагы, Мачаини дагы көчүрүш керек. Чоркух менен Көк-Таш менен Ортобоздун чек арасы тосулса абдан жакшы болоор эле. Туура айтса тажиктер да түшүнөт. Ташиев бир вариантын айтты, Ворухтун ордуна Баткендин четинен жер беребиз деп. Бул бир варианты. Андан башка да варианттар бар, бири Ленинабад облусунда кыргыздар жашаган 17 айыл бар. Аны менен алмаштыруу жолун караш керек. Губернатор болуп турганымда ошол айылдан көп тургун келген “Кыргызстанга кошулат элек”, - деп. 54 үй-бүлөгө Кызыл-Белге көчүүсүнө жардам бердим, калганына мүмкүнчүлүк болгон жок. Канибадам менен Исфаранын ортосундагы шаарчада 200 кыргыз үй-бүлө бар. Алардан да өкүлдөр келишип, Кыргызстанга кайтуунун жолдорун издештиришкен. Ал кезде мен губенатор эмес элем, спикерге жеткиргем дубай-саламдарын. Айтор, чечүүнүн варианттары көп. Чапаевдик вариант жакпадыбы, анда дипломатиялык вариантты кара, эмнеси болсо да бул маселеге чекит коюу зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити