Аскар Акаев Кыргызстандан чыгарып кеткен 2 тонна алтын "Макмалда" өндүрүлгөн. Бул тууралуу Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев билдирди.
"Менин оюмча 2 тоннадан ашык болсо керек, 2, 5 тоннадай болду го. Анткени, "Макмалдагы" алтын кымбат, тазаланган эмес, 80 пайыздан ашыгы алтын, калганы кошумчалар. Ошону учакка жүктөп, эч жерде каттоого алынбай, бажыдан текшерилбей, Швейцарияга алып кеткен. Ал жакта Нанаевдин күйөө балдары жашап, байланыш бар болчу. Бул ишке катышкандар көп. "Макмалдын" ал кездеги директорунун азыр көзү өтүп кетти. Башка дагы бир топтор бар, аттарын атабай турайын. Алар Акаевге жардам беришип, алтынды мүшөктөп ташыгандарын өздөрү айтып беришкен. Бриштейнди Акаев алып келип, Акүйдүн 7-кабатынан кабинет берип, инвестиция боюнча жетекчи кылып, ал турмак айлык да төлөсө керек эле. Менин оюмча, мунун баары текшерилет, бүгүнкү бийликке ишеним бар. Түштүк Кореяга окшоп, мурдагы президенттердин мамлекетке жасаган кыянаттыгы өз баасын алып, атуу жазасына тартылышы да мүмкүн. Алардын урук-тууганы жашаган үйлөргө белги да коюлушу керек.
Акаев "Кумтөргө", "Камекого" барып беш күн жоголуп кеткени эсиңерде барбы? Эс алуу болду да. Бул накта сатылуу десек да болот", - деди Айбалаев.