Factcheck.kg сайты жаза турган маалымат түгөнүп калгансып, “ ЖМКларга Медиасын” деген рубрикасы аркылуу “чек ара жаңжалы учурунда маалымат кандай бурмаланды?”- деген тема коюп,  манипуляция ыкмасын колдонуп, кесиптик этиканын бузулушуна жол берген фейк маалыматты жарыяланды  деп бир канча сайттын атын атаптыр. Чынында ок атылып, мекендештерибиздин өмүрү кылдын учунда турган мезгилде чыккан маалыматтын чын же төгүн экенин жаңы же эски экенин ылгоого убакыт болгон жок. Анын үстүнө жамгырдай жааган октон учкан куралсыз мекендештерибиздин абалы көз алдыбызга тартылып, Эмомали Рахмонду жек көрдүк.   Биринчи максатыбыз аны дүйнөгө агрессор деп таанытуу болду. Маалымат согушунда утулуп калбайлы деп жанталаштык. Баласын жоготуп боздогондордун жана үйү өрттөлүп, бир канча жылдап тапкан-ташыганы күлгө айланган карапайым  элдин көз жашын арчууга аракет кылдык. Ошол боюнча маектерди алып, эртеби-кечпи ушул согуш Эмомалинин да башын жутаарын, тажик эли да көзүн ачып, ага каршы чыгаарын жаздык. Бейкүнөө окко учкан азаматтарыбыздын  каны аларга тынчтык бербейт деген ишенимде турдук. Эгер ошол оюбуз катачылык болуп, маалыматтарды манипуляциялаган болсо, анда коррупционерлерди изилдемиш болуп, бир жактуу маалымат тараткан Factcheck.kg сайтын карап түздөнүштүн кажети жок деп ойлойбуз.
Анткени, согуш учурунда  ар кимдин көйнөгүнөн бери иликтеп, баасын интернеттен алган боюнча чыгарып, коомчулукту дүң кылам  деген саясаттан алыс болдук.

Ошондой эле, Ассоль Молдокматова тараткан маалыматты анын баракчасынан алдык. Ал кайрылса, кайрылгандыр. Кандай болсо да, боордош туугандардын көңүлүн бурайын дегендир. Эгер Factcheck.kg сайты  укмуш болсо, анын сөзүн жазып чыккан сайттарды тизмектебей эле өзүн уяткарып койгула. Аны жазганын жазып чыккан сайттарда эмне күнөө. Factcheck.kg сайты башка учурда акылдуу болсо да, согуш чыгып, мамлекет башчыбыздан карапайым адамдарга чейин түйшөлүп турган мезгилде котур ташын  койнуна  катпай эле койсо жакшы болот эле.  Же Factcheck.kg сайтына жагабыз деп  "Альфа" атайын күчтөрүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясынын президенти, УКМКнын атайын күчтөрүнүн экс-командири Юрий Погибанын “Лейлекте өрттөлгөн үйлөрдүн арасында аткезчилик жана баңги бизнеси менен алектенгендердики да бар” деген  чындыкка дал келбеген маалыматтарды чыгарышыбыз керек беле. Чынында Кыргыз-тажик чек ара чатагында Лейлек районунун Арка-1, Арка-2 айылдарында өрттөлгөн турак жайлардын көбү Юрий Погиба айткандай аткезчилик менен алектенген же баңги бизнесине катыштыгы бар адамдардыкы эмес, карапайым адамдардыкы. Аткезчилердин  АЗСтери өрттөлсө өрттөлгөндүр. Бирок, үйлөрү өрттөлгөн деле жок да. Негизи  согуштун кесепетин карапайым эл тартты. Ал сокурга деле маалым болуп жатат го. Же бир аткезчи  үйүм өрттөлдү дедиби?  Эки тарабын тең жазалы, калыстык кылалы деп Эмомалиге жан тартып, ырас ок аттырдың, куралсыз   тургундарыбызды кырдырып жакшы кылдың дешибиз керек беле. Же Factcheck.kg каза болгондордун тизмеси аркылуу да манипуляциялоо болду деп жазгандай туура эмес иш кылдыкпы. “Вечерний Бишкек” басылмасы чынында туура жазды. Алар ачуу чындыкты жазганы үчүн кастыктын тилин колдонуп туура эмес кылды дегенге макул эмеспиз. Анткени, Кыргызстандык аскерлер жөнөкөй жарандар менен эмес, аскер агрессору менен күрөшкөнү чын. Тажик тараптын каза болгондордун арасында жаш балдар жана айымдар жок болгондуктан окуяны Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясы деп баалаганы да туура. Курал кезеп келгендерине да жооп бербей, маселени тынчтык жолу менен чечебиз, ок атсак согуш уланып, бөөдө өлүм көбөйүп кетпесин дегенибизге карабай тажик тарап, ок атканын токтотпой, үйлөрдү өрттөп, талап-тоноп, мал-келге чейин айдап кетти го. Ошондой жапайычылыгын көрүп турсак да, аларга жан тартышыбыз керек беле. Же дүйнө коомчулугун башын айлантууну көздөп, тарткан аялдары, балдарды жалган ыйлаткан видеолорду көрүп, боорубуз ачышы керекпи. Же Болот Темировго жагыш үчүн өз мамлекетибизди каралап, башкаларга жан тартып, башка мамлекеттин кызыкчылыгын, өз мамлекетибизден жогору коюшубуз керекпи. Башка учурда Factcheck жасап кыйратып салдык десеңер да согуш учурундагы материалдарды тизмектеп, Эмомалинин отставкасын 9 ай мурун талап кылышкан экен деп  душмандардын чырагына май тамгызбай, жөн эле отурсаңар ошол пайда болмок. Же силердин көксөгөнүңөр согушпу? Же каржылаган жагыңар согушту тутанткыла деп тапшырма берип жатабы?

Factcheck.kg сайты кыйын болсо, же жалаң гана чындыкты жазса, аргументтерге таянса, бир жактуу көз карашын таңуулабайт эле го. Айтайын дегеним,  Factcheck.kg сайтынын ишине да жетиштүү сындар айтылат. Болгону жазып чыкпайбыз. Укканыбыз уккан жерде калат. Маселен, кайсы бир чиновниктин  аялынын көйнөгүнүн  баасын интернеттен чыккан сумма менен эсептеп чыккыча өзүнөн сурасаңар чындыкка жакыныраак маалымат аласыңар. Ошондой эле мода дүйнөсүндө көйнөктүн баасы жаңы чыкканда жогору болсо, убакыттын өтүшү менен арзандап, ал турсун жарым баасына да түшүп калышы мүмкүн экен. Аны билип турсаңар да асмандаган суммаларды жазып, , элди дуу кылганды жакшы көрөсүңөр. Кыскасы, Factcheck.kg сайты адилеттүүлүктү башкалардан талап кылбай, алгач өзүңөрдөн баштагыла. 

Арина Рысбаева