Самаган Орозалиев аттуу журналист аганы жакындан тааныбайм деле. Бирок, бир нерсени айтаардан мурда ушул адам сыяктуу улуулар ойлонуп, акыл калчап туруп балп этишсе, аттиң...
"Баткендеги 36 адамдын өлүмүнө Ташиев күнөөлүү"-деп аткан Самаган Орозалиев жадагалса ал жердеги чыр эмнеден улам чыкканын билбейби? Билсе бул чекара тилкесиндеги чыр чатак эгемендиктин энчисиндей улам бир бийликке өтүп келүүдө. Бул бийлик ошол Ташиевдин комиссия төрагалыгы астында аталган чыр чатакты чечүүгө бел байлап, батыл кадам салды.
Ал эми 36 өмүр кыйылганына ким бирөөнү күнөөлүү дей турган болсок, анда ага ошол кездеги премьер-министр Мариповду айыптоо керек. Себеби анын "Головной" боюнча айтканы негизги себеп болгонун коомчулук айдан ачык билет. Аталган кооганы жеринде барып көрүп, жергиликтүү эл, күч структуралары, аскерлер, милициялар менен жолугуп келдим эле. Ошондо да алар ким себепкер экенин айтышып, Мариповдун айтылуу кебинен кийин тажик тарап "Головной" биздики, премьериңер айтып жатпайбы"-деп чатакка шыкакчы болгонун ачыкташкан.
Айтайын дегеним, бирөөгө болгон жеке ич күптү, ыза мамилелер болсо анда аны маркумдарга аралаштырбай, саясатташтырбай чечип алуу жолуна багыт алсак.