Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 207

Cөз, ой эркиндиги, саясий эркиндик болгон жерде «ичтен чыккан ийри жыландар», «бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келгендер» дайыма боло берет тура. Айрымдар дагы деле кайгылуу Баткен окуясындагы мекендештерибиздин өлүмүнө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди күнөөлөгөндөрүн койбоду. Ташиевди күнөөлөп жаткандар Баткен окуясына, андагы адам өлүмдөрүнө Эмомали Рахмон башында турган тажик бийлиги күнөөлүү экендигин эң жакшы билишет. Бирок болбой эле өзүбүздүн айрым жетекчилерди күнөөлөп, каралоолорун токтотушпады...

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы чек ара жаңжалын тажик тарап баштаганын эң жакшы билебиз. Алар буга чейин да көптөгөн чек ара жаңжалдарын чыгарышкан, ок атуулардын баштоочулары, себепчилери болушкан. Окуянын чыгуусуна Ташиевди күнөөлөгөндөргө таптакыр түшүнбөйм. Анын күнөөсү эмнеде? Чек ара маселелеринде кошуна өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, улуттук кызыкчылыктар үчүн күрөшүп жатканы үчүн күнөөлүүбү?

Чек ара маселелерин чечүүдө дипломатиялык, сүйлөшүү жолдорунан качып, согуштук аракеттер, күч менен чечүүнү көздөп, күтүүсүздөн кол салган сырткы душмандардын аткан окторунан көз жумган мекендештерибиз үчүн Ташиевди айыптап, күнөөлүүлөрдү өлкө ичинен издөө – бул кутумдуктун, мажирөөлүктүн, түркөйлүктүн, арамзалыктын жеткен чеги. Мындай нерселер ички душмандардын, элдин биримдигине, ынтымагына доо кетирүүнү көздөгөндөрдүн гана колдорунан келчү иш.

Андыктан мынабуреки Самаган Орозалиевге окшогон «айрымдар» эстерине келип, адам кандарынын аркасы менен саясий дивиденд топтогулары келип, элди ичтен бөлүп жарып, баскынчылардын «ырларын» ырдап, алардын «чырактарына май тамызып» жатышкандарын токтотушса дейбиз.

Мирлан Дүйшөнбаев