- Нарынбек агай, Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдү" сырттан башкарууну колго алганы "Центерра" анын ар бир кадмына баа берип, "Кумтөргө барды, жыйын өткөрдү" деген маалыматтарды тарата баштады. Эми Тенгиз Бөлтүрүк аягына чейин Кыргызстандын таламын талашабы же орто жолдо канадалыктардын шартына көнүп кетеби?
- Башында Тенгиз Бөлтүрүк ким экенин, кайдан келгенин, неге президент ага токтолгонун түшүнбөй жатканбыз. Президенттин туугандары болобу деген шек саноолор да болуп жаткан. Ошондой эле, чет элдик жарандыгы бар адамга "Кумтөрдү" неге башкартканы жатат деген да суроолор жаралган. Бирок көп өтпөй эле Тенгиз Бөлтүрүктүн Атамбаев президент кезинде Жогорку Кеңешке жазган каты жарыяланды. Катын окуганда абдан билимдүү, "Кумтөрдү" түшүнгөн, 1997-1998-жылдары иштеп кеткенин билдик. Ошондой эле, азыр олобо боюнча Казакстандын компаниясында иштеп жатканы айтылды. Эгер ошонусу чын болсо, туура эле таап келип, "Кумтөрдү" сырттан башкартыптыр деген пикирге келдим. Анткени, Жогорку Кеңешке жазган катында ачуу чындыкты жазыптыр. “Америкада индеецтер кандай чечсе, алтындын маселеси ошондой чечилет, эмне үчүн биз андай чече албайбыз, эмне үчүн өз жерибизге ээ боло албайбыз” деп. Анын мындай кебин окугандан кийин биз туура эле жол менен баратабыз деген жыйынтыкка келдим. Ошон үчүн элдин, жетекчиликтин ишенимин актаарына ишенем, орто жолдон ойт берип, канадалыктарга жан тартып кетет деген ойдон алысмын.
- Канада кылмыш ишин козгоду. Эми Теңгиз Бөлтүрүктүн тизгинин тартыш үчүн да кандайдыр бир чечимдерди кабыл алышы мүмкүнбү?
- Кылмыш ишин козгоп, Тенгиз Бөлтүрүк менен болушунча тоскоолдук жаратууга аракет кылышы мүмкүн. Анткени, эртели-кеч "Кумтөрдүн" мурунку жетекчилери менен жолугуш керек болот. Биз экологияга келтирген зыянды калыбына келтир десек, мүмкүн кара жанын коргоп сотко да келбей коюшу мүмкүн. Ошон үчүн жемибизди жедирбей, жакшы жыйынтыктарга жетебиз деген үмүттөмүн. Анткени, жогору жактагы жетекчилерибиздин көз карашына жана ак эмгегинен бу сапар алданбайбыз, Кыргызстанга тийиштүү каражатка ээ болобуз деп турам.