Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 186

- Уран мырза, “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизилип, элдин күткөнү аткарыла баштаса да сындагандар чыга баштады. Элдин көзүн будамайлаган кандайдыр бир оюндар болуп кетиши мүмкүнбү?

- Мен да “Кумтөрдү” улутташтырып, Кыргызстан ээлик кылып, “мындан аркы пайдасын өзүбүз көрөбүз”- дегенден чочулап тургандарданмын. Айтайын дегеним, улутташтырабыз деген саясаттын аркасында кандайдыр бир  афёра ишке ашып кетеби деп кооптонуп турам. Анткени, 2012-жылы Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссия  “Кумтөр” маселесин көтөргөндө “Ата Мекен” фракциясы колдогон эмес. Тагыраагы, “Ата Мекен” фракциясынан Ширин Айтматовадан башкасы залдан чыгып кеткен. Ширин Айтматова “Кумтөр” боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгону үчүн аргасы жок залда калган. Таң калганым, Текебаев ошол мезгилде “Кумтөр” кенин улутташтырыш керек”- деген Садыр Жапаровду колдобой, эки жылдан кийин Текебаев өзү бул маселени көтөрүп чыкканы күмөндүү ойлорду жараткан. Текебаев улутташтыруу маселесин көтөргөндө - “Центерранын” директорлор кеңешинин курамын которобуз” деп 11 кишинин тизмесин берип, “үчөө биздики,  сегизи чет мамлекеттики” деген. Эң кызыгы, “Кыргызстандын алтынын чет мамлекеттен келген компания жеп, ичип талкалап жатат”- деп 8 чет мамлекеттик жаранды директорлор кеңешинин тизмемине сунуштаганы болгон. Ошондо “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган 8 чет мамлекеттик жарандын тизмесин кайдан алышкан жана “ал чет мамлекеттиктер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт алабы?”- деген күмөн саноолор жаралган. Анткени, ошол жылы “Ата Мекен” партиясынын квотасы менен премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев келген. Булар Жоомарт Оторбаевдин колу менен “улутташтыруу” шылтоосу менен эл аралык афёраны ишке ашырабыз деп ойлошкон.

- Мүмкүн Текебаевдер сунуштаган директорлор кеңешиндеги 8 чет мамлекеттик атуулдун  “Центеррага” тиешеси жоктур?

- Мен да ошондой деген маалыматка ишенгим келген. Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда, булар “Центерранын” башка мамлекеттерде иштеген кишилери болушу мүмкүн. Бүгүн “Кумтөрдү” улутташтыруу демилгеси айтылып жатканда эмнегедир ошондогу окуялар эске түшө баштады. Жаңы бийлик да “Кумтөр” боюнча шашылыш чечим кабыл алып жатышканынан улам, Текебаев ойногондой сценарий ишке ашып кетпесе экен деп чочулап турам. Тагыраагы, тышкы башкаруу мыйзамын үч окууда  кабыл алып, 4 процесс менен эле Октябрь райондук соту экологияга келтирген чыгымдарды аныктаганы да күмөндүү ойлорду жарата баштады.

- Эмне үчүн антип кооптонуп жатасыз?

- Анткени, экологияга келтирген зыянды иликтеген комиссиянын курамында Динара Кутманова да болгон. Ал мезгилде 4 млрд. доллар экологиялык зыянга туш болдук деп чыгымды эсептешкен. Азыр эмне үчүн экологиялык чыгым көбөйбөй эле азайып кетти? Ушул жагы да ойго сала баштады.

Баса, тышкы башкаруу мыйзамы “Кумтөр” үчүн гана иштегени да опурталдуу болуп жатат. Айтайын дегеним, мыйзам бир гана фирмага же бир киши үчүн  гана жазылбайт да. Тагыраагы, тышкы башкаруу мыйзамы баардык тоо-кен тармагына бирдей болушу керек эле.

- Улутташтыруу саясатынан Кыргызстан жабыр тартып калчудай неге чочулап жатасыз?

- Улутташтыруу саясатынан  “Центерранын” пайдасына иштеген сценарий ишке ашып кетиши ыктымал. Центерранын оюу жаман болгон үчүн табийгатыбызды талкалап, экологиябызды аяган эмес. Алар “Кумтөрдөгү” алтынды 20 жыл иштетип, “пайдасын көрөбүз, экологиялык талаптарды аткарбайбыз”- деген максат менен иш кылышкан. “20 жылдан кийин элдин көзү ачылат. Кыргыз өкмөтү бизди кууп чыгат. Бирок, биз кууп чыкканын шылтоо кылып, экологиялык дооматтан, экологиялык катастрофадан кутулуп кетебиз”- деген максаты ишке ашып кетеби деп кооптонуп жатам. Себеби, кокус катастрофа болсо, булар бизге шылтайт. Жаңы келген директорлор кеңеши болсо, алакан жайып, “ал биздин учурда эмес, мурункулардын учурунда болгон катачылык”- дешет. Кокус уулуу заттар төгүлгөн мөңгүлөр карьерди басып калса, же болбосо, хвотохранилищедеги плотина жарылып уулу заттар сууга кошулуп кетсе, Орто Азияда болуп көрбөгөндөй катастрофа орун алат. Себеби, хвотохранилищеге белгиленген өлчөмдөн көп уулуу заттар куюлган. Ал мезгилде канадалык башкармалардын шалаакылыгын баса белгилеп,  сотко берсек, биз кырсыкты алдын алмакпыз. Хвостохранилищени кынап чыкмакпыз. Эми булар: “бизди кууп чыгышканы үчүн хвостохранилище жарылып, уулу заттар сууга кошулуп кетти”- деп суудан кургак чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн улутташтыруу саясаты биз үчүн эмес, “Центерра” үчүн пайдалуу болуп, аларды экологиялык чыгымдан куткарып кетеби деп кооптонуп турам.  Кудай сактасын. Ошон үчүн ал жактагы абалды да жөнгө салып, көзөмөлдү күчөтүп, чара көрүшүбүз керек.

- Азыр “Центерра” менен соттошсок утулуп калабызбы?

- Эгер экологиялык жагына басым кылсак, бийлик аягына чейин турса, позициясын өзгөртпөсө, сатылбаса утабыз. Эгер сатылса, мурдагы бийликтегилердей болуп, сот болуп бирок, утулуп калгандай абалга кептелип калабыз. Негизи “Центерра” Кыргызстанга кан менен келген. Кумтөрдү “Камекого” бериш үчүн премьер-министр өлтүрүлгөн. Кыскасы, алар ишти чоң  афёра, чоң кылмыш менен башташкан.

- Эми булар жөн эле чыгып кетеби же Кыргызстанга маселе жаратышабы?

- Премьер-министрдин ажалы менен келген кишилер эми жөн кетпейт. Буларды калган алтын да уктатпайт. Ошону алып кетиш үчүн түрдүү жолдор менен кубулушуп, өңдөрүн өзгөртөт. Ошон үчүн баарына сак бололу, жок дегенде бу сапар алданбайлы, Кыргыздын алтыны кыргыздын экономикасын көтөрүп, элди жакырчылыктан чыгарсын. “Кумтөрдүн” пайдасын өңгөлөр эмес, өзүбүз көргөндөй бололу. Ылайым мен ойлогондой болбой, баары чын дилдеден Кыргызстандын пайдасы үчүн жазалып жаткандай болсо экен. Кырсыкты алдын алып, калпыстыктарга жол берилбесе экен.

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg”  гезити