- Өткөн жумада сизден маек алдык эле, андагы айткандарыңызга байланыштуу соцтармактарда сизге суроо көбөйдү. Ошондуктан дагы бир жолу маекке чакырууга туура келди. "Кумтөр" легендарлуу парламенттин таркашына себеп болгонун, Акаев 2 тонна алтынды чыгарып кеткен деп айттыңыз эле. 2 тонна абдан көп да, "Кумтөрдүн" башталышында ошончо болгондон кийин... Документтер жокпу, ушуну иликтөөгө алса болобу?
- Документтердин баары Жогорку Кеңеште. Биз атайын иликтеп, жаздан декабрга чейин депутаттык комиссия иштеген. Андан кийин анын негизинде Чыңгышев баштаган өкмөт отставкага кеткен. Иликтегенибиздин баарын брошюра кылып чыгарганбыз. Ал бар болуш керек, бирок бир ирет Азимбек Бекназаров "мен берген сунуш жок", - деп калды стенограммада. Аны алдырып салышкан окшойт да, бул деген чоң кылмыш негизи. Аны эмнеге жок кылышты, себеби биз ошондо Акаев чыгарып кеткен 2 тонна алтындын ар бир граммына чейин иликтеп, кимдер аркылуу чыгарылганын, башында ким турганын тактап, моюндарына койгонбуз. Акаевдин жеке кайтаруучусу бар эмес беле Бошкоев деген анын да катыштыгы бар, башында Акаев менен Бриштейн турган, Нанаев ж.б.лар да кол кабыш кылышкан. Бул боюнча брошюра чыгарганбыз, бардык фактылар келтирилген. Алтынды алып барышып Швейцариядагы банкка салып коюшкан. Азыр ошол адамдардын баарын, Акаевди баш кылып сурап, жоопко тартуу керек!
- Прокуратуранын имараты өрттөнгөндө документтер жок кылынганбы?
- Мүмкүн кылмыш иштери жок кылынгандыр, бирок тастыктама бар да Жогорку Кеңеште, аны таптырыш керек. Стенограмма бар. Эгер таба албай жатышса, мен таап берейин брошюраны. Ошол жерде кимдин канчалык күнөөсү бардыгы так жазылган. Алтындын ар бир граммынан бери изилденген.
- Аны прокуратурага жибердиңиздер беле?
- Албетте. Бирок Башкы прокуратура ишти чоюп-чоюп, каралган эмес. Кийин 2005-жылдагы революциядан кийин Азимбек Бекназаров башпрокурорлукка келгенден кийин кылмыш ишин козгоп, айыптууларды таап, эми жоопко тартайын деген аны кызматтан кетирип салышты. Бекназаровдун башкы прокурорлуктан кетишинин себеби мына ушунда болчу!