Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 101

- Калдарбек агай, 44 акимдин ротациясы он жыйынтык берет деп ишеним артсак болобу?

- Ротация орун которуштуруу деген эле түшүнүк. Бул Усубалиевдин кезинде  өзүнчө бир өнөктүккө айланганы эсимде. Бирок ошол мезгилде кайран киши аны бир тараптуу гана жүргүзгөнүн унутпайлы. Түштүккө десантты түндүктөн гана тынымсыз таштап турган. Тянь-Шань районунун биринчи катчылыгына гана  Ленин (азыркы Ноокен) районунан  барганын эсепке албасак, андай которуштуруу болгон эмес. Албетте, ал кезде Ош облусу Кыргызстандын жарымынан көбүрөөк аянтты ээлеп турганын эсепке алсак, балким  бир жагынан туура саясаттыр. Бирок, түндүктүк десантчылар өзүнүн гана чөнтөгүн ойлошуп, кудум ушул жерден байып кетишкенин ушу кезге чейин аңыз кылып айтып келишет. Түштүктүн менталитети таптакыр башка, тияктагыларга окшошпогондугун унутпайлы. Эки жикке бөлүнүүнү башаты кудум ушул кезге барып такалат. Анткени, 1960-жылга чейин  аркалык же анжияндык кыргыз дегени деле айтылбайт болучу. Ал кезде  жыйынтык же башка бир түшүнүктү компартия кабыл алчу эмес. Партия жөнөттүбү, бүттү. 

Бүгүнкү ротацияны ага салыштырып болбойт. Замана дагы, адамдары да башка... Эки башка деңгээл. Күн алдын кандайдыр бир жыйынтык болот же болбойт деп көзү ачыктык кылып ийүүнүн өзү апендичилик. Ыйман, пейил бузулуп, мамлекет жарга кептелип калган чактагы  кандай гана кескин аракеттер болбосун, үмүттү артуу менен ичти кеңирээк кылуу гана керек. Көрөалбастыктын  төшүн кагып, көчөгө чыгып алганынан улам, көп жылуу маанайлуу иштер деле тоолордой кулап жатпайбы. Бүгүнкү кадрлардагы  оркойгон кемчилик, аларды тажрыйбанын таптакыр жоктугу, кызмат шатысынын пасынан жогору карай бирден басып өтпөгөндүгү...

Экинчиден,  ар бир чөлкөмгө жөнөтүлгөн акимдер ошол чөлкөмдүн тарыхын, географиясын, климаттык түзүлүшүн, элинин кулк-мүнөзүн канчалык деңгээлде билет же билбейт...менин жеке баамымда,  бул жагын ойлоп деле коюшпагандай. Түндүктүк жигитпи, болду түштүккө, тияктыкты биякка. Ушул эле принцип иштегендей. Анткени, түндүк –түштүк географиялык түшүнүк болгону менен, чынында эле элинин кулк-мүнөзү кескин айырмаланат.  Эптеп эле иштей берет, отургузуп койсо дегенден качып, ошол кадрдын жөндөмүн, болгондо жетекчилик жөндөмүн, адамдар менен болгон мамилесинин деңгээлин, сөзмөрдүгүн иликтеп чыгыштыбы? Жок. Жанагы  окуучулар тест тапшырышкандай эле кайдагы бир суроолорго  жооп бергендей болушкан. Демек, кадр кызматын да түбүнөн жаңылап,  баарын эпке келтирүү зарыл.