- Төрөбай мырза, акимдерди ротациялоо ыкмасы жакшы жыйынтык берет деп ишенсек болобу?
- Албетте, ротациялоо ыкмасы жакшы жыйынтыгын берип, акимдердин туугандашып кетүү саясатынан сактайт жана коррупцияны азайышына мүмкүнчүлүк берет деген ишенимдемин. Ошондой эле ротациялоо ыкмасы жаш кадрларга эл менен иштөөдө чоң багаж топтоп берип. тажрыйбасын көбөйтүшүнө шарт түзөт. Кыскасы, ротация кыргыз эли туура саясатка бурат.
- Баса, кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кийин чек арага жакын жайгашкан аймактарга өзгөчө макам берип, чек арачы деген статуска ээ кылып, кошумча -курал-жарак бериш керек деген сунуштар айтыла баштады. Чындап эле чек арага чектеш жашаган айылдарга курал берсек, алар чек араны да, өздөрүн да коргойбу?
- Чек арага жакын жайгашкан айылдарда жана тажиктерге чектеш жашаган элибизге курал- жарак беребиз деген маселе көтөрүүдөн алыс болушубуз керек. Курал берген күндө да талаш-тартыштар көп чыгат. Өткөндө элде курал болгондо чек арадагы согушту токтото албай калмакпыз. Ошон үчүн бул маселени бир жактуу карабай кесепеттерин да эске алышыбыз керек. Айтайын дегеним, акчага же башка нерсеге азгырылып, куралды сатып жиберишпейт деген да кепилдик жок. Ошон үчүн жети өлчөп бир кескен чечим кабыл алышыбыз керек.
- Баса, былтыр чек арадагы чырда үйү өрттөлгөн Тажикстандын оор беренелери менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынган Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовду Россиядан Тажикстанга экстрадициялоону суранып жатышыптыр. Мындай учурда мамлекет кандай аракеттерди көрүшү керек?
- Эсенбай Мажитов саясий чечимдин жоктугунун азабын тартып жатат. Чынында ал Тажикстан кооптоно турган чоң кылмыш деле жасаган эмес. Жеңиш Раззаковдун айткандарына көнбөй койгону үчүн азап тартып, чек арадагы чырда үйү өрттөлүп, жабыр тартканына карабай караланып, камакка алынды. Жаңы баш мыйзамда ар бир жаранга өлкөнүн кепилдиги берилген. Аны Тажикстанга экстрадициялатпай коргоп алуу өлкөнүн намысы!