- Тимур, акимдерди ротациялоо ыкмасы союз  мезгилиндегидей жакшы жыйынтык берет деп ынансак болобу? Анткени,  ротациядан жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт деп сындагандар чекеден чыга баштады го?

 - Район жетекчилеринин  деңгээлинде кадрлардын ротациясы азыркы тапта  жаңы көрүнүш, анын жагымдуу жагы да бар. Ошондуктан, бул ыкма  кайсы бир деңгээлде жемишин бериши толук ыктымал. Мисалы, өзгөчө чоң райондордун ички саясатындагы жергиликтүү бийлик менен топтордун ымалашуу процессине жолтоо болушу толук мүмкүн. 

Бирок ошол эле  чоң райондордо ар түрдүү  маанайдагы эл  жашайт. Сөзүм куру болбос үчүн  алыска барбай эле борбордун жанындагы райондорду мисалга  алып карап көрөлү, Сары -Өзөндүн эң чоң райондору Аламүдүнн менен Сокулуктун эли да ар түркүн, мүнөздөрү да ар кандай.  Бул райондордун тоо боорунда жашаган  элдеринде эркин ой жүгүрткөн, ачык-айрым сүйлөгөн,  төңкөрүштөргө тоодон түшүп жүргөн жоон билектүүлөр бар. Ошондой эле ортоңку зоналардагы жерлеринде  тили бурууларга аралаш, орус мүнөз кыргыздар көп. Арасында  кошоматка жакындары да жок эмес. Аларга бийликке  ким келип, ким  кетип жатканы маанилүү деле эмес. Ал эми ылдыйкы тарап ички мигранттарга толо, Тажикистан менен Өзбекстандан келгендер отурукташып калган. Ошондой эле  башка улуттар да абдан көп. Кээ бир айылдарда кыргыздар азчылыкты түзөт, аларга сырттан, өрөөн менен райондон эмес, тескерисинче башка жактан, өзгөчө түштүк облустардан келгендер кызыктуу. 

Ал эми тоого жакын жайгашкан айылдардагылар кадр саясатын сынга алып, "биздин" балдар болсун деп турушат. Жыйынтыктап айтканда, ротация ыкмасы  жакшы. Бирок теориясында, а практикада кандай болоору кызык болуп турат.