- Бейшенбек мырза, акимдерди ротациялоо ыкмасы жакшы жыйынтык берет деп ишенсек болобу? Анткени, орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт, ротациядан жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт дегендер чекеден чыгып жатат го?
- Ротация ыкмасы совет мезгилинде жакшы жыйынтык берген. Эми азыркы шартта ротациянын жыйынтыгы барган акимдердин элге кылган кызматына байланыштуу болот. Акимдер бир партиянын же өкмөттүн эмес, ажонун өкүлү болуп, статусу жогорулады. Мурда акимдин 3 орун басары 3 партиядан болуп, тамсилдегидей 3 жакка тартчу. Ошондой эле акимдер 50 миңден 100 миңге чейинки долларды партия лидерлерине берип, кызматты сатып алышчу. Жыйынтыгында кызмат сатып алууга короткон чыгымын чыгарып алам деп коррупцияга батышчу. Азыркылар конкурстан, тесттен өтүп, өз күчү менен келди. Эми акимдерге ыйгарым укуктарды толук кандуу берип, анан отчётун сураш керек. Бир жылда бир жолу ар бир аким өз элине отчёт бериш керек! Анткени, өз элине отчёт бербеген бийлик, бийлик эмес, коррупциялык бийлик!!!