Президент Садыр Жапаров райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын ротациялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, ондогон райондук бийликтин башчылары горизанталдуу түрдө орун алмаштырышты. Арасында жаңыдан дайындалгандары да болду, бирок басымдуу көпчүлүгү мурда аким болуп иштеп жаткандар. Андан мурда президенттин “Мамлекеттик кадрдык жаңы саясат жөнүндө” Жарлыгына ылайык, райондордун акимдери, алардын орун басарлары аттестациялардан өткөрүлгөн болчу.
Компартия кыйрагандан кийин кадрдык саясат да биротоло кыйрап, ал Кыргызстанда тууганчылыктын, тааныш-билиштиктин жана өздүк көркөм чыгармачылыктын бир түрүнө айланып кеткендиги жөнүндө жетишерлик айтылган, жазылган. Эки адамдын башын кошуп сүйлөшө албагандар, кенедей мекемени да жетектебегендер министр, вице-премьер-министр, райондордун жана облустардын акимдери болушту. Алар мамлекеттик бийликти талкалап, мамлекеттик мүлктөрдүн таланып, тонолуп, Кыргызстандын көп тармактуу экономикалык, саясый кризистерге батуусуна аябагандай эле чоң салымдарын кошушту. Кадрдык прагматикалык рационалдуу саясат сакталып калган республикалар тез эле кризистен чыгып, өнүгүп, өсүп кетишти. Ал эми Кыргызстан өсүп өнүкмөк түгүл экономикалык жактан 1990-жылдын деңгээлине качан жетишери да белгисиз бойдон келатат. Элибизде: “иттин жутчулугу - алты айлык, малдын чукактыгы - бир жылдык, ал эми жакшы адамдын чукактыгы - жарым кылымдык” деген сөз бар. Чыныгы жетекчи кадрлар корпусун калыптандыруу аябагандай көп убакытты талап кылат. Ошондуктан “Кадрлар баардыгын чечет” деп айтылат. Мурдатан жакшы, даярдыктуу жетекчи кадрларга аябагандай аяр, сарамжалдуу мамиле жасалып келсе, аны Акаевчилер биротоло талкалашты эле, ал азырга чейин ордуна келбей жатат.
Мурдагы советтик мезгилде жергиликтүү кадрлардын өз райондорун, шаарларын, облустарын башкаруусу аябагандай сейрек кездеше турган. Алсак, Корчубек Акназаров Таластык, бирок ал эс алууга чыккыча Нарындагы райондорду жетектеп жүрүп, Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Ал Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорун 31 жыл башкарган. Муктар Нургазиев КетменТөбөлүк, бирок ал азыркы Баткен облусундагы райондордо15 жыл биринчи катчы болгон. Вагинур Талиповдун улуту татар, азыркы Аксы районунда чоңойгон, ал Лейлек, Өзгөн райондорун 17 жыл жетектеген. Райондордун Матен Сыдыков, Маматказы Эргешов, Эргеш Ормонов, Наби Жапиев, Зеби Кутманова, Бекмамат Осмонов сыяктуу жетекчилери да башка райондорду жетектеп жүрүп таанылышкан. Ал эми Алайлык Кадыркул Султанов Ленин (азыркы Ноокен) районун жетектеп жүрүп Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон.
Эгерде бир райондон чыккан кадр экинчи районго барып аким болуп иштесе, биринчиден, анын ал жерде жакын туугандары, жердештери болбойт. Демек, башкарууга тууганчылык, жердешчилик факторлору аралашпайт. Экинчиден, тааныш-билиштери, мурдатан байланышып жүргөндөрү да аз болгондуктан коррупциялык фактор да азаят. Үчүнчүдөн, чоочун элге барган кадр дароо эле этек-жеңин жайып жибербестен мүмкүн болушунча этият, тыкан иштейт. Жергиликтүү кадрларга калыс болот. Эгерде жакшы иштей албаса, ката кетирсе, аны пикеттик, митингдик формаларда колдой тургандар чыкпастыгын эң сонун билет. Бир сөз менен айтканда, кадрларды ротациялоонун пайдасы чоң. Бирок, ошол ротацияланган кадрларга өз потенциалдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилеби? Кептин баары мына ушунда турат.
Тилекке каршы, азыр райондордун жетекчилеринин 1-2 жылдын ичинде алмашып туруусу адатка айланды. Эгерде саясый бийлик күч менен алмашса, андан эки-үч ай мурда дайындалган аким деле кызматынан кетирилип, башка таш атар же көчөдө жакшы кыйкырган келет. Эгерде кадрларда туруктуулук болбосо, аларды ротациялагандын реалдуу пайдасы деле болбойт. Ротация өзүн акташы үчүн акимдик корпуста туруктуулук болуусу, ротацияланган акимдер барган жеринде эң кеминде 3-4 жыл иштөөсү зарыл.
Азыркы акимдердин кадрдык, каржылык жана чарбалык өз алдынчалыктары мурдагы советтик мезгилдеги 1-катчылардын ыйгарымдарынын, укуктарынын ондон бирине да жетпейт. Айрым министрликтер, ведомстволор райондордогу түзүмдөрүнүн жетекчилерин аким менен бир ооз макулдашпай туруп эле дайындап коюшат. Алсак, мындан 3-4 жыл мурда Аксы районунун акими райондун башкы архитектору качан дайындалгандыгын билбей калган учуру болгон. Аймактарды өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте аймактарды же райондорду башкаргандардын кадрдык, каржылык ыйгарымдарын, өз алдынчалыктарын күчөтүү зарыл. Райондун аймагындагы баардык жетекчилер акимдин макулдугу, сунушу менен гана дайындалуусу керек, болбосо алар акимди тоготушпайт. Анан акырындап райондордун, облустардын (эгерде алар жоюлса, аймактардын) бюджеттери калыбына келтирилүүсү керек. Бюджети жок жергиликтүү бийлик деги эмнени чечет, эмнени аткарат?
Биздин оюбузча, ротациялардан кийин аймактык-административдик реформа да ишке ашырылуусу, жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктары кеңейтилүүсү зарыл. Ошондо гана мамлекеттик кадрдык жаңы саясат өз максатына жетет.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити