- Каныбек агай, "чек арага жакын жайгашкан аймактарга өзгөчө макам берип, тургундарын чек арачы деген статуска ээ кылып, курал-жарак бериш керек. Ошондо чек арага чектеш жашаган  эл чек араны да, өзүн да коргойт деген сунуштар айтылууда. Мындай сунуштар орундуу элеби?

-  Бул абдан жоопкерчиликтүү жана опурталдуу маселе экенин билип коюшубуз керек! Анткени, ошол  согуштук куралды максатка ылайыктуу колдоно билүү колубуздан келеби? Же адатыбызча аша чаап кетип кээ бир ниети бузук адамдардын жетегине кирип алып "талаа командирлерин" жаратып, кайра өзүбүздүн өлкөнүн коопсуздугуна доо кетирип алабызбы? Терең ойлонуп иш кылалы. Менимче, Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алуусу керек. Анан ал документтин так аткарылышы зарыл. Ошондой шартка көнө алабызбы? Бул чоң суроо жана сыноо! Илгери СССРдин тушунда чек арага жакын жайгашкан элдин аң-сезими укмуш өнүккөн эле. Ошого жараша саясат жана таалим-тарбия иштери жүргүзүлчү. Чоочун кишилерди дароо заставага билдирип коюшчу. Эми андай иш-чараларды уюштурууга эмнеге болбосун? Бирок, менимче чек ара маселесин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо - бул мамлекеттин иши. Баткенге аскер базабызды эмнеликтен азыркыга чейин жайгаштыра албай жүрөбүз? Мисалы, Кой-Таштагы жана Балыкчыдагы аскер полкторун ошол опурталдуу чек араларга жакын туруктуу дислокация кылсак болбойбу? Бул борбордо алардын канчалык пайдасы бар? Же Бишкектин комфортунан ажырап калабыз деп согуш генералдары каршы болуп келе жатышабы? Бул эми күлкүлүү жана коопсуздугубузга каршы багытталган айлакерлик амалдар да, туурабы? "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде!"  деген аталарыбыздын насаатын эчак эле унутуп калгандайбыз! Бүгүн  элди коргой турган биздин полктор Бишкектин курорттук зонасы менен көл кылаасынын боюнда өлкөнүн так ортолорунда жайгашып алышкан, эл четинде болбой эле! Муну сөзсүз чечишибиз керек. Буга президентибиздин саясый эрки бар экендигине  көзүм жетип турат!