- Рамазан Олокеевич, сиз легендарлуу парламенттин депутаты болгонсуз. Легендарлуу парламент алтын чырынын айынан таркатылган деп айтылып жүрөт. Ошол убакта алтын маселеси боюнча 9 депутаттан турган комиссия түзүүнү сиз сунуштаган экенсиз. Кандайча алтын темасы легендарлуу парламенттин таркашына себеп болгонун айтып бериңизчи? 

- Мен СССР убагында Горбачев түзгөн коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык башкармалыкта иштечүмүн. Мындай башкармалык СССРдин курамындагы бардык өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстанда ачылышына мен өбөлгө болгом. Ал башкармалыкты жетектеп, коррупциялык көп иштердин бетин ачып иштеп баштадык. Ошол убакта мага маалымат түштү: "Акаев алтынды акырын уурдап, чет өлкөгө ташып жатат", - деген. Коррупцияга каршы күрөшсөң, душмандарың да көбөйөт экен да, мени Акаевге жамандагандар көп эле. Ошол эле Баекова, Суталинов ж.б. Андан кийин Акаев ал башкармалыкты жок кылды. Анда легендарлуу парламент иштеп жаткан, бир орун бошоп калып, 15 талапкердин арасынан мен шайланып келдим. Анан мендеги маалыматтарга таянып, эл арасында жүргөн кеп-сөздөрдү иликтеп, депутаттарга сунуштадым алтын боюнча комиссия түзүп, иликтөөгө алууну. Ал убакта спикер Шеримкулов болчу, артында Акаев отурган да, менин демилгеме жооп бере албай, Акаевден коркуп тайсалдады. 40 мүнөт турдум трибунада. Отурган депутаттар мени колдоп полду тепкилешип жибергенден кийин айла жок макул болду. Ошентип, 240 депутаттын колдоосу менен сунушум өттү. Комиссияга 9 адам кирмей болду, өзүмдү кошкондо бешөөн мен сунуштадым, арасында Усубалиев, Шергазы Мамбетов, Молдогазиев бар, Шеримкулов Идиновду кошту, калган депутаттарды башкалар сунуштады. Активдүү иштедик. Идинов экөөбүз Россиянын Жогорку советинин төрагасына да барып жолуктук. Анткени, Турдакун Усубалиев аркылуу Кыргызстандан союздук фондко 16 тонна алтын кеткенен кабардар болгонбуз. Ал киши бизди кабыл алып, алтынды кайтарып берүүнү да убадалаган болчу. 

- Акаев алтын чыгарып кеткен деген да кептер айтылып жүрөт. Аны да сиздер иликтедиңиздер беле?

- Ооба, 1993-жылдын апрель айында Акаев уурдап кеткен 2 тонна алтынды аныктадык. Ал Швейцария банкына каттырып койгон экен. Ошол айда эле парламент жыйынына киргизели десек, Акаев Шеримкулов экөө жанталашып, эптеп эле жыйынды болтурбоо аракетин көрүп жатышты. Анын айынан араң гана  декабрга барып жыйында кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биз депутаттарга брошюра таратып, маселени жеткирдик. Бир жума аябай катуу сессия болду. Премьер-министр Чыңгышев болчу, Кумтөр боюнча болжолдуу келишимге ошол кол койгон. Ызы-чуу болуп жатып Чыңгышев орун басарлары менен кызматтан кетти. Депутаттар арасында бөлүнүп-жарылуу болду, көлдүк депутаттар Чынгышевди колдоп, трайбализм ошодон башталды. Бирок көпчүлүк депутаттар бизди колдоду, 2 тонна алтынды кайра кайтара турган болдук. Бирок биз кайтардык деп ойлогонубуз менен алтын кайра эле киши колдуу болуп кетиптир. А биз болсо 2 тонна алтындын тагдырын чечтик деп ойлогонбуз. 

Кийинки, 1994-жылы апрель айында "Кумтөр" маселесин карайбыз деп жатканбыз. Биз киреше эмес, алтын бөлүнсүн, кыргыз элинин энчисине алтын тийсин деген талапты койгонбуз. Жумагулов премьер-министрликке дайындалган болчу. Биз дайыма "Кумтөр" боюнча түзүлүп жаткан келишимдерди жарабай турганын айтып, токтотууга үндөп жаттык. Бирок Жумагулов Акаевдин айтканынан чыга албады. Апрелде карайбыз деп турганда, шылтоо таап Акаев легендарлуу парламентти таратып тынды. 

- Эки палатануу парламент ошол убакта пайда болгонбу?

- Ооба, 1993-жылкы Конституцияга ылайык, бир эле палата бар болчу. Акаев махинация кылып, референдум өткөрүп, 1994-жылдын күзүндө өзүнө караштуу депутаттардан куралган эки палаталуу парламентти жаратты. Булардын баары “Кумтөр” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамды өткөрбөш үчүн жасады.

- Борис Бриштейн да ошол убакта келген экен, ал келгенден баштап алтындар сыртка ташыла баштады деп айтышат. Акаев Москвада жатып алып айтып жатат: “Кумтөрдүн” каймагын мен эмес, менден кийинки президенттер калпыды”, - деп. Анын чындыгы канчалык?

- Биринчи каймагын Акаев калпыды, кийинки президенттер анын жолуна түштү. Бриштейн Москвада депутат эмес беле, Акаев алып келип, Акүйдүн кабинет берип, “Инвестицияны ушул тейлейт”, - деп башкартып койгон. Бриштейндин үйүнө конок болуп барып да келген, кийит кийип. Кылмыштын баарын бирге жасашкан. “Кумтөр” боюнча мамлекеттин эмес, компаниянын кызыкчылыгын жогору койгон келишимди ошон үчүн жанталашып жатып өткөрдү да. Келишимди кийин эки жолу оңдотту, биз өткөргөндө Кыргызстандын үлүшү 68 пайыз болчу, андан кийин 23 пайыз, кийинчерээк андан да аз болуп калыптыр. Садыр Жапаровду колдоп жатканыбыздын себеби ушунда. “Кумтөрдү” ачыкка чыгарып, ачык каратуу жаткан биринчи жолу болуп жатат. Экологиялык зыянга басым жасаган эң туура тактика, анткени бул дүйнөдөгү эң маанилүү маселе. Париж келишимине кирген өлкөлөрдүн баары буга кызыкдар болушу керек. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун иши туура деп ойлойм.

- Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд Компани” салык жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруу иретинде 4 миллиард доллардан ашуун каражат төлөөгө мажбур экенин айткан. Бирок компания доо негизсиз деп, Эл аралык арбитражга кайрылганын жарыялады. Бул компания инвесторбу же?..

- Формалдуу түрдө инвестор, факт жагынан алдамчы, Акаев кошулуп. Албетте, компания Кыргыз тараптын доосун жокко чыгарганга, Эл аралык соттон утуп алганга аракет кылат. Биз да баарына даяр болуп, алардын экологияга келтирген зыянын далилдешибиз керек. Бир жылдары дарыяга цианид төгүшкөндө Акаев ал ишти жаап койбодубу. Барскоон эли анын айынан канча кыйналды, бирок Акаев элге жан тарткан жок, компанияга болушту. Биринчи кезекте Акаевди экстрадициялап, жоопко тартыш керек! Бул албетте, Путинге жакпайт, бирок кылдаттык менен аракет кылуу кажет. Убагында толтуруп алган, азыр чекесинен жеп жаткан байлыгын кустуруш керек.

- Акаев моюнуна албай жатпайбы, “Менде байлык жок, мен метро менен жүрөм. Кыргыз мигранттары көрүп жатышат метродо жүргөнүмдү. Университетте иштеп, алган айлыгым менен жашайм”, - деп...

- Ошентип, жанталашып актана берет да. Башкасын айтпаганда да, маркум уулу Айдардын байлыгы канча. Канчасын казиного уттурду. Ошонун баарын иликтеш керек. Баарын моюнуна коюш керек. Байлыктын баары Акаевде. Сарыгулов деген шайлоо алдында кейстер менен акча таратып жүргөнүн айтышкан, анын баары кайдан келген акча? Ошол эле “Кумтөрдөн” алынган акчалар да.

- Бул маселе канча жылдан бери айтылып эле келатат, бирок аягына чыкпайт. Бийлик сатылып кетип жатат, депутаттарды компания сатып алып жатат деген сөздөр бар. Мындай иштер кантип бүткөрүлөт?

- Албетте, акча беришкен жана алышкан. Депутаттардын айрымдары алып жүрүштү. Кечээ жакында эле Атамбаев “Кумтөрдүн” 11 миллион долларын шайлоого жумшаганын жазышты го. Ошондой эле болду да. Ар кандай саясий өзгөрүүлөргө “Кумтөр” түздөн түз кийлигишип, президенттер менен бирге махинацияларды жасап келген. Кептин баары ошолорду моюнга коюуда. Акаевдин жанталашып жатканы “моюнума кое албайт” деп ишенгени. Бул маселеде  биз тарапта эки орчундуу көзүр бар: биринчиси, экология, экинчиси коррупция. Коррупцияны “Центерранын” моюнуна кое алсак, Канада аны колдобойт, качат. Анткени, Батыш өлкөлөрү коррупцияны колдобойт. Биз ошого жетишсек, бул Садыр Жапаровдун тарыхый кадамына айланмак.

- Камчыбек Ташиев “Кумтөрдө” өз кызыкчылыгын көздөгөн аткаминерлер суракка чакырылаарын айтты. Ал жакта директорлор кеңеши бар, бирок алар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойбу?

- Аларды атайын тандап алып барышчу да, сүйлөй албаганын, каршы чыга албаганын, каяша айтпаганын. Тенгиз Бөлтүрүк деген азыр сырткы башкаруунун жетекчиси болду, аны атайын таап, чакырып дайындоо – бийликтин чоң эрдиги десек жаңылышпайбыз. Ал баарын билген, сабаттуу, мыкты жигит. Алдында чоң милдет турат. Канча жылдан бери “Центерра” бизди алдап келатканын ачыктаса, ошону аягына чыгарса кыргыздын чыныгы патриоту болот. Мындай жагдайда Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Тенгиз Бөлтүрүктүн аракетин колдоого алып, коргоп турушубуз керек. Канча жылдан бери экологияны мойсоп, элдин байлыгын уурдагандар, анысы менен кыргызга чыккынчылык кылгандар ачыкталышы керек. Күнөөсүнө жараша ар бири мыйзам чегинде жазасын алышы керек!

- Акаев эгер “Кумтөр” боюнча натуура иштерге баа бериле турган болсо, биринчи кезекте Акылбек Жапаров жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты. Жапаровдун күнөөсү бар дегенге кошуласызбы?

- Күнөөлүүлөрдүн башкы сабында Акаев. Акылбек Жапаровдун күнөөсү болгон болсо да, бүгүнкү ишти аягына чыгара алса, ошонун негизинде актап койсо да болот. Акаевдин убагында ушундай жолго барган, чынчыл президент келди эле, ага карап түздөнүн өзү да чынчыл болуп калды деген маңызда.

 Булак: “Майдан. kg” гезити