Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 208

Ошентип, жаңыдан кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстанга экологиялык ири зыян келтиргендиги үчүн “Кумтөр Голд Компаниге” үч айлык мөөнөткө сырттан башкаруу киргизилип, ага башкаруучу болуп Канаданын жана Кыргызстандын жараны Тенгиз Бөлтүрүков дайындалды. Эми бул мөөнөткө чейин ишкананынын акционердик коомунун жетекчилери башкаруу иштерине кийлигише алышпайт, эгерде мыйзамды бузушса, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эрктеринен ажырытылышы күтүлөт. Үч айлык сырттан башкаруу оң натыйжасын берсе, ал дагы узартылышы мүмкүн же ишкана улутташтырылса, сырттан башкаруу автоматтык түрдө күчүн жоготуп, ишкана толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлөт. Мында, албетте, биринчи кезекте “эмне үчүн биздин бийлик мына ушундай радикалдуу кадамга барды?”- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Мурдагы бийликтегилердин чыккынчылыктары

“Кумтөр” боюнча 1992-жылы “Камеко” менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстандын алтын иштеп чыгаруучу ишканадагы үлүшү 67 пайыз болгон. Андан бери “Кумтөр” боюнча келишим он ирет кайра каралса, ар ирет кайра каралган сайын Кыргызстандын позициясы начарлап, ишканадагы үлүшү азайтылып гана турган. Алардын ичинен улуттук кызыкчылыктарыбызга чыккынчылык кылганга тетеси - 2003-жылы декабрда “Центерра Голд” менен келишимди кайра карап, парламенттин макулдугусуз Кыргызстандын ишканадагы үлүшүн эки эседен ашык азайтып, 33 пайызга түшүрүп салганы болгондугун ачык айталы. Ал убакта биринчи качкын президенттин баласы Айдар Акаев “Камеконун” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, ай сайын 20 миң доллардан ашык айлык алып турган. Ал келишимди убагында коомчулук билген эмес, бир жылдан кийин гана кокустан ачыкка чыгарылган, убагында, андан кийин ал тууралуу көп айтылды, жазылды.

Бардык көз карандысыз серепчилер, тоо кен өнөр жайы боюнча адистер эгерде келишимге кол койгондордун аябагандай чоң кызкчылыктары болбосо, эч кандай бийлик андай чыккынчылыкка барбай тургандыгын айтышкан жана айтып келатышат. К.Исабеков ал келишим үчүн Акаевдердин үй-бүлө мүчөлөрү 400 миллион доллар алгандыгы жөнүндө имиштер бар экендигин айтса, Акылбек Жапаров жетектеген депутаттык комиссия ошол мезгилде Акаевдердин үй-бүлө мүчөлөрү акциялар жана накта акчалай түрүндө Торонтодогу биржадан 45 миллион долларга ээ болгондугун маалымдады. Же депутаттык комиссия биротоло жыйынтык чыгаргандан кийин Акаевге каршы кылмыш ишин козголушу да мүмкүн болуп баратат. Анткени, мамлекетке чыккынчылык кылгандын эскирүү мөөнөтү жок.

Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турганда карьерге катарлаш бир бөлүгү Сары Чат - Эр Таш мамлекеттик коругуна тиешелүү 16 миң 330 гектар жерди “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүп берсе, Алмаз Атамбаев 2017- жылы “Суу Кодексине” өзгөртүүлөрдү киргиздирип, анын негизинде Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн да “Кумтөргө” бердирип жиберген. Ал мыйзам кворумсуз кабыл алынгандыгы жөнүндө убагында көп айтылган, жазылган. Ошол жылы Сапар Исаковдун Өкмөтү Кыргызстандын “Центерра Голдго” карата эч кандай кинеси жоктугу, концессиялык келишим күчүндө кала тургандыгы жөнүндө жаңы келишимге кол койгон. Ал эми М.Абылгазиев Өкмөт башчы болуп турганда ал келишим Кыргызстандын кызыкчылыктарына ылайык келбейт деп табылган, бирок “Центерра” Кыргызстанга 150 миллион доллар төлөгөндөн кийин расмий түрдө экологиялык кине коюудан баш тарткан. Ал келишимдердин артында коррупциялык максаттар, иштер болгондугу айныксыз. Же биринчи качкын президенттен баштап акыркысына чейинкилеринин бардыгы “Кумтөрдүн” акчасына алданып келишкен. Азыркы бийлик гана “Кумтөрдү” элдин, мамлекеттин пайдасына иштетүүгө белсене киришти.

Кыргызстан “Кумтөрдөн” канча киреше алган?

“Кумтөрдө” жыл сайын орто эсеп менен 16-18 тонна алтын өндүрүлөт. Ар тонна рудадан орто эсеп менен 3-4 граммдан алтын алынат. Же “Кумтөр” иштетиле баштагандан бери “Центерра” 410 тонна алтын өндүрүп, Кыргызстандан чыгарып кеткен. Ал 11 миллиард 400 миллион доллар акча болот. 1997-жылдан же кен иштетиле баштагандан бери алтындын дүйнөлүк рыноктогу баасы өсүп гана келаткандыгына карабастан андан Кыргызстандын бюджетине 1 миллиард 750 миллион доллар же анын алтыдан бир бөлүгү гана түшкөн. “Центерра Голд” болсо, “Кумтөрдөн” Кыргызстанга 4 миллиард 486 миллион доллар түшкөндүгүн билдирүүдө. Алар бул эсепке өздөрү сатып алган азык-түлүктөрдү, күйүүчүмайлоочу майларды, курулуш материалдарын, техникаларды, жабдууларды ж.б. да киргизишкен.

Биринчиден, алардын баары Кыргызстандан сатылып алынган эмес, экинчиден, таза киреше катары бюджетке түшкөндөр гана эсептелинет. Албетте, 410 тонна алтынды өндүрүү үчүн ишкана чоң каражаттарды жумшаган, анда талаш жок. Бирок, ал чыгымдар жалпы кирешенин канча пайызын түзөт? Биз интернетти карап, алтын өндүрүүгө жалпы кирешенин 30 пайызга чейинкиси жумшаларын көрдүк. Географиялык, климаттык шарттары жеңил жерлерде мындан да аз экен. Демек, Кыргызстанга алык-салыктар, социалдык камсыздандыруу боюнча чегергендерин чыгарып таштаганда “Центерра” 5 миллиард доллардан ашык таза пайда тапкан. Кыргызстан менен келишимде милдеттүү төлөмдөр жалпы өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө жараша эмес, таза кирешеге жараша эсептөө каралгандыктан “Центеррадагылар” ар кандай жолдор, же азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүн Канададан, Франциядан атайын учактар менен ташышып, таза кирешени жасалма түрдө азайтып келишкендигин мурдагы макалабызда айтканбыз. Эгерде таза кирешенин жарымы эле бизде калганда “Кумтөрдөн” тапкан пайдабыз эки эсе көбөймөк. Бирок, мурдагы жетекчилердин чыккынчылыктарынан улам, дүйнөдөгү эң ири үч алтын кендин бири деп эсептелген “Кумтөрдүн” негизги пайдасын канадалыктар гана көрүшүүдө.

Бирдикте турсак “Центерраны” жеңебиз!

“Кумтөр” кени иштетиле баштагандан бери 1 миллиард 200 миллион тонна катуу калдыктар чыгарылды. Ал эми атайын көлмөгө күн сайын 1200 кубометр зыяндуу суюктуктар бөлүнүп чыгарылат. Жыйырма төрт жылдан бери чогултулган суюктуктардын баарын топтосо өзүнчө Соң-Көлдөй чоң көл болмок, бирок алардын бир бөлүгү бууланып, кыртышка сиңип жок болуп турса, экинчи бөлүгү тазаланып, кайра жанындагы көлгө кошулууда. Бирок, тазаланды делген суулардын сапаты кандай? Ал экологиялык стандартка, талапка толуп жооп береби? Бул да өзүнчө чоң маселе. Булардан сырткары, миңдеген кубометр түбөлүк мөңгүлөр жардырылып, бузулуп талкаланды. Мына ошолордун бардыгы 261 миллиард 720 миллион сомго бааланып, Октябрь райондук соту ал чыгымды “Центеррадан” өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды.

Эл аралык мафиоздор өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн акыр аягына чейин турушат, өз позицияларын коргоп калуу үчүн бардык ыкмаларды колдонушат. Алардын эл аралык экономикалык талаштарда чоң тажрыйбага ээ болгон адвокаттары, юристтери бар. Эгерде талаш эл аралык арбитраждык сотторго чейин жетсе, анда Кыргызстандын өз кызыкчылыгын коргоосу аябагандай эле кыйын болот. Бирок, кыйынчылыктардан коркуп, “Центерранын” итке сөөк ыргыткандай дагы бир алдоосуна көнүп, колубуздагыларды канадалыктарга тарттырып отура бербешибиз, биз да бул маселеде акыр аягына чейин турушубуз керек. Эгерде “Кумтөр” толук бизге өтсө, сырткы карыздарды төлөө кескин жакшырмак, өз күчүбүз менен ГЭСтерди, жаңы тоо кен комбинаттарын курууга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылмак.

Кокус, “Центерра” эл аралык сотто утуп алса деле эгерде Кыргызстандын эли бирдикте туруп, ага каршы тоталдык саботаж колдонулса (маселен, комбинатта иштеген жергиликтүү жумушчулар мөөнөтсүз иш таштоо жарыялашып, ишкананын автоунаалары үчүн жолдор жабылып, ага азык-түлүктөр ж.б. сатылбай калса), канадалыктар биздин шарттарга көнүшөт, акыр аягында ишкананы бизге өткөрүп бергенге мажбур болушат. Ага ар бир кыргызстандык даяр болушу, колунан келишинче бийликтегилердин бул ишине өз жардамын көрсөтүшү зарыл. Мында чет жактардан грант алып, дайыма алардын кызыкчылыктарын коргоп келген дүжүр НПОшниктерден этият болуу зарыл. Эгерде алар Батыштын акчаларына алданышып бул жолу да аркабызга бычак урушса, мурдагы президент колдобой койгон өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карап, сырт жактардан грант алышкандардын баардыгын расмий түрдө чет элдик агенттер деп жарыялап, аларга публикалык иштерге, саясатка аралашууларына тыюу салуу керек. Маселен, АКШда ж.б. цивилдүү бир катар өлкөлөрдө андай мыйзамдар бар. Эмне үчүн биз алардын бул багыттагы стандарттарын колдонсок болбойт? Албетте, ага күчтүү саясый эрк менен батылдык эле керек. Ал азыркы бийликте ашыгы менен жетишет. Биз өзүбүздүн, балдарыбыздын кызыкчылыктары, келечектери үчүн бийликтегилердин бул ак ишин кош колдоп колдошубуз гана керек. Буйруса, “Кумтөр” мындан ары чет элдик шумпайлар үчүн эмес, биз үчүн иштесин!

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити