Мелис Аспеков деген бар. Жүргөн жерине чөп чыгарбаган эргул. Активист терисин жамынып алып, мыйзамсыз, коррупциялык иштерди буга чейин да кылып келгендиги менен белгилүү. Өткөн жылдын 6-октябрындагы окуядан кийин президентти жандап, анын оң колуна айланып, андай абалын опузалоо, шантаж кылуу жолдору менен акча жасоого болушунча пайдаланууга жетишти.
Президенттин атын пайдаланып, опузалоо жолу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен 250 миң долларды алганы үчүн кылмыш иши козголуп, учурда абакта отурат. Колу менен кылганын мойну менен тарткысы келбеген Аспеков темир тор артында да жөн олтурбай, аракеттеги президент менен экс-президенттин ар-намыстарына, кадыр барктарына шек келтирген билдирүүлөрдү таратып, аны коомго таңуулоого аракет кылды. Анын андай жалганчылыгы өтпөй калганда, президенттин жубайына байланыштуу карандай калптарды токуп, аны социалдык тармактар аркылуу жайылтты.
Көрсө, ал тууралуу билгенибизден биле элегибиз көп окшойт. Дегенибиз, ал президенттин оң колуна айланган кыска убакыттын ичинде далайлардын ишенимине кирип, “аны кылып берем, тигини бүтүрүп берем”- деген шылтоолор менен ири акчаларын, кыймылсыз мүлктөрүн тартып алган тура. УКМК ага карата дагы бир кылмыш ишин козгоду. Ал абакта жаткан жакынын чыгарып берем деп Б.Л. деген жарандан 15 миң доллар алса, ушул эле маселе боюнча анын кызынын Бишкектеги кыймылсыз мүлкүн аялына каттатып алууга үлгүрүптүр. Учурда УКМК ушул сыяктуу иштер менен Аспековдон жабыр тарткандар болсо, УКМКга кайрылуу керектигин айтууда.
Мындай “жосундары” менен Аспеков өзүнүн чыныгы жүзүн, материалдык кызыкчылык үчүн баарына даяр, мамлекет үчүн кооптуу адам экендигин көрсөттү. Андыктан Аспековдун калптарына ишенип, анын аты-жөнүн “аздектегениңерди” токтотсоңор боло! Аспековдойлордун орду түрмөдө болушу керек!
Булак: “Майдан. kg” гезити