Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 267

- Бакыт агай, “Центерра Голд” компаниясы  Тенгиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козготту. Ал Канададан жаза алышы мүмкүнбү?

- “Центера Голд” акционердик компаниясы  эл  аралык практиканын жана Канаданын мыйзамдарынын негизинде иштейт. Бөлтүрүк Кыргызстандын  мыйзамдарына таянып башкарууга киришти. Демек,  Канадада жана аны колдогон мамлекеттерде жаза алышы толук мүмкүн.

- «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, Кыргыз өкмөтүн эл аралык келишимдерди бузгандай көрсөтүшүптүр. Эл аралык сот экологияга келтирген зыянын эске албай эле биринчи кайрылган тарапка жан тарткан чечим чыгарып коёбу?

-  «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүн эл аралык сотто тилекке каршы, утат. Анткени, эл аралык арбитражда соттор саясатка баш ийбейт, жалаң эл аралык келишимдерди эске алат. Ошон үчүн аталган компания өзүнө ишенип, сотко берди.

-  «Центерра Голд» компаниясы эл аралык сотко берүү аркылуу кыргыз өкмөтүн келишимге келтирүүгө аракет кылып жатышкан жокпу?

- «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн чоң финансылык чыгымдарга мажбурлап, өздөрүнүн ыгына көндүрүүгө аракет кылат. Айтор, түрдүү сүйлөшүүлөр, түрдүү ыкмалар орун алат.

-  «Центерра Голд» компаниясы өздөрүнө каршы чыккан бийликти кетирүүгө аракет кылып, бийлик көзүнөн учкан топту каржылап, бийликти алмаштырууга аракет жасап жиберишпейби?

- Албетте, максатына жетиш үчүн болгон аракетин жасайт. Ошондой эле, кыргыздын жашыруун акционерлери көмүскө түрдө бийликке басым жасатат.