- Осунбек мырза, Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” абалды жөнгө салып, элдин ишенимин актай алабы?
- Тенгиз Бөлтүрүк буга чейин "Кумтөр" алтын кенинде 1996-1998-жылдары иштептир. Казакстанда бир чоң конференцияда доклад жасаганын интернеттен көрдүм. Канаданын жараны дагы экен, кыскасы, тоо-кен тарабында жетиштүү деңгээлдеги адис, патриот адам катары түшүндүм. Албетте, ал адамдын негиздүү көз карашы, алдыга койгон максаты баарыбызды шыктандырды десек болот. Эми элдин үмүтүн актаса болду...
-Бирок Канаданын Жогорку сотуна “Центера Голд” компаниясы Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голд” компаниясын сырттан түз же кыйыр башкаруусуна тыюу салуу боюнча кайрылып, сот иши козголду деп жүрөт го...
- Менимче, кылмыш иш козголгону тууралуу маалымат туура эмес. “Кумтөр Голд” компаниясында акциясы бар компаниялар же жеке адамдар болобу, баары алтын пайдасынан ажырап калбаш үчүн бардык аракеттерди кылышаары шексиз. "Кумтөр" боюнча иш чарада Тенгиз Бөлтүрүктүн артында мамлекет турат, буйруса, жакшы жыйынтыкка жетебиз деген ишенич бар.