Бүгүн "Манас" абамайданы Тажикстан  189 тажик жарандарын алып келе жаткан  "Сомон Эйр" компаниясынын учагын кабыл алган жок. Кыргыз өкмөтү чек ара маселеси чечилмейинче эки өлкөнүн ортосундагы кыймылдарды токтотуу боюнча чечим чыгарган. 

Эксперт Айданбек Акматов буга тажик тарап кандай реакция кылаары белгисиз дейт. 

"Тажикстанда буга чейин да ушундай кырдаал болгон. Өзбекстан аны блокадага алган. Бирок ошондо да чегингенин көрсөтпөгөн. Тажикстан Кытай менен Кыргызстан аркылуу байланышат, ЕАЭБге товарларын чыгарат, жарандары да кээ бир өлкөлөргө Кыргызстан аркылуу каттайт. Демек, бул Тажикстанга чоң басым. Алар кандай реакция кылаары белгисиз", - деди ал.