- “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын ишмердүүлүгү учурунда өкмөттүк комиссия түзүлгөн болчу. Анын жыйынтыгы кандай болгон?

- Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын жыйынтыгын парламент колдобой койду. Анткени, анда “Кумтөр” боюнча көп чындыктар ачык жазылган болчу. Андан кийин  өкмөттүк комиссия түзүлдү, башында Темир Сариев турду. Ошол комиссияга депутаттар да жанталашып кире башташты. Мен таң калдым: өзүбүздүн комиссиянын жыйынтыгын кабыл албай койгондон кийин өкмөттүк комиссияга кирүү керек беле? Депутаттык комиссия бардык чындыкты сыртка чыгаргандан кийин кошумча каражат кетирип өкмөттүк комиссия түзүү зарыл беле? Депутаттык комиссиянын жыйынтыгына каршы чыккандарга өкмөттүк комиссияда эмне бар дедим да. Биздин комиссия көрсөткөндөн ашык факты, далил болобу? Дагы эмнени иликтейин деп жатасыңар? Көрсө, кептин баары башкада экен... Бир гана “Ата Журт” өкмөттүк комиссиянын курамына кирбеди. Ал комиссия кандай иштеди сарасеп салбадым, анткени, мен да тескери карап, каршылык билдирип турдум. Бирок ал деле, экологияга зыян келтирген фактыдан алыстап кете албады. Бирок жымсалдашты. “Биз “Центерраны” көндүрдүк, алар эми экологияны сакташат, биздин экология боюнча мыйзамдарыбызды аткарышат, мынча жерди реконструкция жасайбыз дешти”, - деген куру сөз менен чектелип тим болушту. Бирок ал айтылгандар ушул күнгө чейин аткарылган жок. Өкмөт өзүнүн комиссиясынын жыйынтыгындагы талаптардын аткарылышын өзү көзөмөлгө албай койду.

Кептин баары башка жакта экен дебедимби, ал мындай – кийинчерээк белгилүү болду, өкмөттүк комиссияга кирген депутаттар келерки чакырылыштагы депутаттык мандатына кепилдик алышыптыр. Анын далили – так ошол депутаттар бир тыйыны же бир бизнеси жок туруп кийинки чакырылышка оңой-олтоң шайланып келишти. А биз Садыр Жапаров баштаган депутаттык комиссиянын жыйынтыгын парламент өткөрбөй койсо да, аны коомчулукка чыгардык. Коомчулук түшүндү. Бийлик, парламент жүз бурса да, элдин көңүлүнө алтын кени аркылуу кандай алдамчылыктар болуп жатканы тууралуу уютку калды...

-Мөңгүлөр боюнча да маселе ошол убакта көтөрүлгөн да?

-Мөңгүнү сактап калышыбыз керек дедик. Анын бир гана жолу токтотуш керек болчу, казбаш керек эле. А “Центерра” айтыптыр, мөңгүнү көчүрүп, таза жерге коюп беребиз деп. Кудайды бир карашса боло, көчүргүдөй мөңгү кум беле же таш беле, аны көтөргөндө эле ээрип калбайбы. Биз болушунча чырылдадык, бирок чындыкты айткан бир ууч депутаттын талабына эмес, “Центерранын” мөңгүнү көчүрүү жөнүндөгү жөө жомогу колдоого алынып, биринчи окууда өтүп кетти. Андан кийин биздин чакырылыштын мөөнөтү аяктадык. А кийинки 6-чакырылыштын депутаттары ишмердүүлүгүнө киришер замат мөңгү боюнча мыйзам кабыл алынбаса оокаты өтпөй калчудай, биринчи ошону карап “Центерранын” кызыкчылыгына чечим чыгарып беришти.

- Эл аралык сотто биздин мүмкүнчүлүгүбүз канчалык деңгээлде деп ойлойсуз?

- Эл аралык сот ар бир нерсени ийне-жибине чейин иликтээри белгилүү. Ошондуктан, сотко бараардан мурун 2009-жылы “Центерранын” кызыкчылыгына карата кабыл алынган парламенттин мыйзамын жокко чыгаруу керек. Эл аралык сотко депутаттардын кимиси кандай, ким эл-жерине күйөт, ким акча үчүн мамлекетинин кызыкчылыгын сатат, айырмасы жок да, алар үчүн парламент деген мыйзам чыгаруу бутагы, ал кабыл алган мыйзам менен эсептешет. Менин бир үмүтүн экология маселеси аркылуу утушка ээ болуп калышыбыз мүмкүн. Анткени, экология чынында катастрофага жеткен. Бул жерде таза суу, тигил жерде мөңгү, а бул жакта калдыктар. Технология боюнча, калдыктар тоңдурулуп, жүздөгөн жылдардан кийин да ошол аймактын элине, жерине зыяны тийбегидей эреже сакталып көмүлүшү керек. Ошол жагынан алганда да “Кумтөрдүн” иштетилип жатканы экология боюнча эл аралык да, биздин да мыйзамдарга жооп бербейт.