- Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссия түзүшкөн болчу. Бирок чырылдап чындык деген депутаттар аз, “Центеррага” сатылган, бийликтин көзүн карагандары көп болчу. Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын корутундусу эмнеге кабыл алынбай калганын айтып берсеңиз?  

- Ооба, 5-чакырылышта “Кумтөр” маселесин “Ата Журт” фракциясы көтөрүп чыкканы анык. Комиссия түзүүнү демилгелеп, Садыр Жапаров жетекчилик кылган. Өзүңүздөргө белгилүү, ага чейин да бир катар депутаттык комиссиялар түзүлгөн ушул маселе боюнча. Бирок Садыр Жапаров жетекчилик кылган комиссиянын чыгарган алтын кенин иштеткен компаниянын элге, жерге тийгизген зыянын тизмектеген  корутундусундай корутунду ага чейин болгон эмес.  Уникалдуу чоң алтын кенге ээ болуп туруп пайдадан куру жалак калганыбыз, ал аз келгенсип экологиябыз талкаланып, катастрофага кептелгенин Садыр Жапаров ачык – айкын алып чыкты. Анын шарапаты менен “Кумтөрдү” иштетүү Кыргызстанга кымындай да пайда алып келбегени, ал турмак жалгыз пайдасы болгон салыктан да “Центерра” жеңилдик алганы, алтын арасынан табылган андан да баалуу таштар сыртка чыгарылып кеткени белгилүү болду. Комиссияга ар бир фракциядан депутаттар, коомчулуктан да өкүлдөр, мыкты экологдор катышкан. Алардын фактылары да корутундуда камтылган. Бирок өзү түзгөн комиссия жыйынтыгын чыгарган кезде парламенттин табияты негедир өзгөрдү. Парламентке отчет берилип жатканда, башкача атмосфера орун алып, уу-дуу жаралып, сенсация пайда болду. Анткени, баары ачыкталды, чындык суу үстүнө чыкты. Ошол мезгилде, албетте, соодалашуу, сүйлөшүүлөр жең ичинен жүрө баштады. Мени таң калтырганы фракция лидерлеринин, кээ бир депутаттардын паникага түшкөнү болду. Эмнеге алар комиссия түзүлүп жатканда токтотушкан эмес? Алдын ала “Жок, биз бул маселени иликтебешибиз керек”, - деп каршы болушпады? А качан гана комиссия иликтеп, жиликтеп, кандай зыян келтирилгенин тизмектеп парламентке чыгарганда гана ызы-чуу болушту? Менимче, алар бул комиссия деле ага чейинки комиссиялардай иш алып барат деп ойлошкон. Ага чейинки комиссиялар “мындай эреже бузуу болгон, бирок аны “Центерра” калыбына келтирүүгө убада берди, бул жерди оңдойт, тигил жерди тазалайт” деген гана жыйынтык менен чектелишкен. Садыр Жапаров баштаган комиссия тигилердин тилегин таш каптырып, чындыкка басым жасап туруп алды. Эмне кылыш керек? Жыйынтыкты өткөрбөй коюу менен акыбалдан чыгышмак да. “Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку” дегендей, “Ата Журттун” депутаттары гана чырылдап жаттык.

- 2009-жылы “Кумтөргө” байланыштуу кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаруу да ошондо сунушталды беле?

- Айла кеткенде улутташтырып туруп, 2009-жылы Жогорку Кеңештин “Центерра” боюнча кабыл алган мыйзамын жокко чыгаралы, болбосо колу-бутубуз тушалып турат деген сунуш жолдонду. Ага да макул болушпады.