Борбор Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов кыргыз - орус президенттеринин жолугушуусу боюнча көз карашын жарыялады. Ал "бул жолугушуу өз убагында өткөн абдан маанилүү окуя" деп баалады.
"Россия жана Кыргызстан мамлекетинин президенттеринин жолугушуусу экономикалык долбоорлор, коронавирус пандемиясы менен күрөшүү Фергана өрөөнүндөгү чек ара маселелерин чечүү сыяктуу маанилүү маселелерди жүз көрүшүп талкуулаганга мүмкүнчүлүк жаратты. В.Путин да, С.Жапаров да чек ара маселелерин күч эмес, сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу чечүү керек деген көз карашты карманышат. Бул жолугушууда Россиянын президенти кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүдө колунан келген жардамын берүүнү убадалады.
Андан тышкары Кыргызстан-Россия ортосундагы өтө кылдат чечиле турчу маселелер өтө көп. Ошондуктан, сүйлөшүү негизинен энергетика, аскер - өнөр-жай комплекси, байланыш, логистика, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлорго жаңы күч берет деп ойлойм.
Ошондой эле, Путин «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну Кыргызстандын өзүндө жолго коюу сунушун ушуну менен экинчи жолу айтты. Аны ишке ашыруу өлкөдөгү пандемияга каршы күрөштө жардам гана бербестен, өлкө бюджетиндеги каражатты үнөмдөйт", - деди эксперт.