Экс-президент Аскар Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт тууралуу пикирин билдирди. Ал Тажикстанды жакшылыкка жамандык менен жооп кайтарууга айыптады. 

"Мен бул Тажикстандын бийлигинин достук мамиледеги өлкөгө жасаган кара ниеттиги деп билем. 1990-жылдары Тажикстанда оор кырдаал жаралган, жарандык согущ болуп жатканда Кыргызстан үзгүлтүксүз түрдө жардам берип турган. Биз аларды саясий да, моралдык да жактан колдодук. Бекер электрэнергия менен камсыздадык, анткени бул нерсе ал жакта колоссалдык дефицит болчу. Биз тажик бийлиги менен оппозициясынын тил табышуусуна, бир пикирге келишине салым коштук. Алардын жарашуусу 1997-жылы Бишкекте өткөн. Мен мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Душанбеге жол салган биринчи президент болгом, андан кийин башка лидерлер да келе башташты. Баткендеги окуя чыныгы агрессия болду жана бул нерсе тажик бийлигин жакшы аттуу кылбайт", - деген Аскар Акаев.