- Азимбек агай, “Кумтөр” алтын кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, коомчулукта түрдүү пикир жарала баштады. Мурдагы экс- президенттер да, алардын өкмөт башчы, чиновниктери да үн катууда. Сиз “Кумтөрдү” изилдеп жүргөн адам катары кайсы президенттин күнөөсү көп деп ойлойсуз?

- Мен бул суроого президент С.Жапаровго жана Башкы прокурорго ачык жазган расмий кайрылуум менен жоопту жакында эле бергем. “Кумтөр” боюнча коррупциялык кылмыш 30 жылдан бери улантылып келе жатат. Башкы күнөөкөрлөрдүн бири да жоопко тартыла элек. Мен өткөндө Башкы прокурорго сурала турган адамдардын тизмесинен бери бердим, чакырып кимисинин күнөөсү көп болсо, тактап жоопко таркыла деп!

- Экс-президент Курманбек Бакиевдин “Саясат.kg” сайтына берген интервьюсун окудуңуз да, ошол боюнча эмне дейсиз?

- Баарыныкын окуп, угуп жатам, Акаев журналисттерди Москвага чейин чакыртып жатса, Атамбаев түрмөгө чейин чакырып жатыптыр деп да угуп жатам! Мен ойлойм, алардын жоопторун, оюн  гезиттер, сайттар аркылуу чыгара бербей, тергөөгө берген көрсөтмөлөрүн чыгара турган мезгил келди. Тергөөдө, сотко келип, кимисинин келишими “мыкты”, “пайдалуу” болгонун, бири-бирин карап туруп далилдешсин, сайттары, “арзыматтары” аркылуу актанышпай. Акаевди – “акаевчилер”, Бакиевин – “бакиевчилер”, Атамбаевин – “атамбаевчилер”, акташып, жарышка түшүп жатышат. Алардын актанган маектеринен “Кумтөр” маселеси чечилип кетпейт. Биз биринчи кезекте, баарыбыз көңүлдү канткенде “Кумтөрдү” кайтарып алабыз, ошого бурушубуз керек. Бакиев актанбай эле койсун, анын 2009-жылкы келишими менен экология үчүн жылына болгону 310 миң доллар төлөнүү бекитилип, кошумча 20 миң га, консенциялык жер берилгени менен эч кандай төлөм каралбаган, Ысык- Кол фондуна мурда төлөнүп келген төлөм 4 пайыздан 1 пайызга түшүрүлгөн. Тагыраагы, келишимге “Центерранын” талабын канаттандырып мыйзамсыз Жогорку Кеңештен ратификация кылдырып, Конституциялык соттун корутундусу менен бекитип, эл аралык статусун берип, сот, тергөө органдарына эч ким кайрыла албай турган кылып, келишимде көрсөтүлгөндөн сырткары, Кыргызстандын мыйзамдарынын “Центеррага” эч кандай таасири, күчү жок, жаңы, кошумча салык, төлөмдөрдү сала албай турган кылып, доо бере албай турган кылып жылчыксыз бекитип берген. Кыргызстандын эгемендүү укуктарын да чектеген, “Центерра” болгону жеке менчик коммерциялык эле бир компания, убагында Акаевке, Бирнштейн таап келген.

- Атамбаев, Жээнбековдун күнөөлөрү эмнеде?

- Алардын күнөөсү кыргыз коррупциясынын туу чокусу болгон “Кумтөр” коррупциясын буздурбай коргоп, сактап, улантып келишкенинде. Экинчи күнөөсү кошумча концессиялык жер, мөңгүлөрдү талкалоону мыйзамдаштырып беришкенинде....

“Кумтөр” алтын кени боюнча кылмыш 1992-жылы башталган, 2002-2004-жылкы, 2007-жылкы, 2009-жылкы келишимдер ошол кылмыштын улантылып жаткан фактыны жашыруу, коомчулукту алдоо максатында эле болгон иш-чаралар. Анткени, “Кумтөр” маселеси коомчулук, оппозиция тарабынан 1992-жылдан бери эле бардык президенттердин алдында тынбай катуу көтөрүлүп, эки элдик ыңкылаптын  башкы талаптарына кирген. “Кумтөр” боюнча башкы күнөөлүүлөр - бардык президенттер, алардын “дүжүр чалдар-балдары”, партиялары, депутаттары, Өкмөт башчы, министрлери, эгерде азыркы бийлик, 2007-2009- жылдардагы Бакиевдин жолуна түшүп, “Центерра” менен “жаңы сүйлөшүүгө” барып, анча мынча акча төлөттүрүп, үлүштү көбөйтүмүш болуп, анан “жаңы шарттагы” дагы бир жаңы келишимге кол коюшса, кыргызча айтканда “ит эле” болушат!