"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссияда бир гана Акылбек Жапаров иштегендей таасир калтырды. Мындай пикирин экс-депутат Кубаныч Исабеков билдирди. 

"Калган мүчөлөрүнүн эмне жасап жатканы белгисиз, өздөрүн Африка, Антарктидада жашагандай эле болуп жатышат", - деген ал бул чуулгандуу маселеге чекит коюу боюнча өз сунушун жолдоду. 

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү 2007-жылдагы келишимди жокко чыгарууга укуктуу. Ал үчүн Жогорку Кеңешке сунушталып, үч жыл мурда парламент "Центеррага" бекер карматып койгон эки мөңгүнү мыйзам менен кайтарып алуу керек. 

"Мына, Германияда 1 лит суу 2 еврога сатылат, бир литр бензин 1 евро 30 -40 цент. Дүйнө жүзүн кургакчылык каптап баштады, суунун баасы өсөт. А биздин депутаттар болсо миллиондогон куб мөңгү сууну бекер беришти эле, "Центерра" аны колдонуп, талкалап жатат. Муну карабасак болбойт", - деди Кубаныч Исабеков.