"Кумтөр" кенин өзүбүзгө кайтарып алуу чечими өтө курч оор абал боюнча турат. Центерра 17- май күнү Кыргыз Өкмөтүн Гаага шаарындагы эл аралык арбитраждык сотуна беришкен. Соттон жеңип чыгуубузга толук 80% укуктуубуз, жеңилип калуубузга дагы көп мисалдар бар, буга чейинки бийликтегилердин мыйзамсыз чечимдерин, алып алган акчаларын четке кагып Кумтөрдү басып алуу ж.б
Эми, даана артка жол жок калды!
Мурунку Өкмөттөрдү кызылдай сатып алып келген,эл аралык коррупция схемаларын бизге кеңири киргизип келген, мөңгүлөрдү талкалап, экологияны жанчып келген Центерраны сөзсүз жеңишибиз керек! Коркпой-үркпөй Кумтөргө тышкы башкаруучуну (внешний управляющий) киргизип, алардын финансы булактарын толугу менен бууп, банктардагы эсеп-чотторун катуу көзөмөлгө алып жакшы эле кадамдар болуп баштады...
Ошол эле маалда алтын өндүрүү бир да саатка токтотулбашы керек болчу! Бир да кыргыз жараны ал жерде жумушсуз калбашы керек! Бир грамм да алтын четке алып чыгарылбашы керек, бүт эл аралык милдеттер аткарылып, "Кумтөрдө" темирдей тартип жана буга чейинки технологиялык процесс так сакталышы маанилүү.
"Центерранын" арызында 2 маанилүү нерсе бар экен:
1. Алар дагы деле сүйлөшүүгө даяр!
2. Бүт инвестиция жана финансы активдерин 50 пайызын алдырып ийишин алар сезип атышат.
Эми, биз канчалык күчтүү жана эгемен мамлекет экенибизди далилдей турчуу убакыт келди окшойт.
"Центеррага" жардамчы болуп жүргөн өзүбүздүн жарандарыбыз дагы бар, акционер болуп үлүшкө отурган бир канча депутаттарыбыз да бар, алар чыныгы жүздөрү ачылып калуусун каалашпайт, элдин оюн бурууга аракет кылышат - белгилүү эле көрүнүш.
Мындай чоң кадамдарга эч кайсы бийлик барган эмес, акчага алданып өз билгендериндей кыргыз байлыгын каалагандай калчап келишкен, "Центерра" жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөшү керек. Эми сак болуп, ар кайсы маалыматка ишеним алдырбай, биримдикте билим менен жеңип алалы. Баарыбыз бир туруп президентибизди колдоп турчуу учур, Насирдин Исанов байкебиздин тагдыры кайталанып калбасын!
Исхак Ибраимов