Президент райондун акимдерин ротациялаган чечимге кол койду. Ошентип, маселен Сокулуктун акими Кара-Кулжага кетип дегендей, буга чейин өз эл - жеринде иштеп жүргөн далайлар атын укпаган, өзүн билбеген алыскы райондорго барып иштей турган болушууда. Бул идея буга чейинки президенттердин учурунда деле сөз болуп, бирок аткарылбай токтоп калуучу. Ошондой чечимди кабыл алууга саясый эрк жетүүчү эмес. Себеби, адам факторуна барып такалуучу. Кара-Суу, Сокулук сыяктуу райондор бар. Калкынын саны Нарын облусунукунан көптүк кылат. Ошого жараша ишкана өнөр жайлары да көп, кыскасы бардык жагынан өзүн чоң кожоюн сезүүгө кенен шарты бар райондор. Анан элестеткиле тоо арасындагы Кара-Кулжага барып иште десе кандай абалда болот. Эгемендүүлүктү алган 30 жылдан бери кадр маселесинде мамлекеттик кызыкчылык унутулуп, жалаң өң тааныш, бири бирин колдомой, кайсыл бир партияга же топко кызмат кылмай  менен жүргөндүктөн барган сайын мамлекеттик кызматка идеректүү кызматкер табуу кыйындай баштаган.

Ротация мамлекет үчүн эмне берет? Биринчи кезекте келечекте маммлекеттик кызматта бышыккан кадрларды чыгарат. Буга чейин кайсыл бир топтордун жардамы өз жеринде тууган-туушкан сүрөөчүлөрүнүн, колдоочуларынын аркасы менен иштеди аты болуп жүргөндөр, алыскы райондорго барып өздөрүн чыныгы мамлекеттик кызматкер кылып тарбиялаган школадан өтүшөт. Ал жерде кичине ишиңен жаңылыштык кетирип башына кыйынчылык түшсө, чуркап келип болуша калуучу тууган - тушканы, колдоочу топтору жок. Дайыма көзүн чоң ачып иштөөгө көнүгөт. Ротация эгер туура түшүнүшсө жаштарга эң бир сонун мүмкүнчүлүк. Кийин мен баланча-баланча райондордо иштегем деп айта алат. Учурунда коммунисттер кадрларды ушинтип бышыктырышчу эле.

Бир эле окуяны айтып берейин. Кочкор районуна Базарбаев деген жаш жигит райкомдун биринчиси болуп келип бир топ жаңы иштерди баштап күпүлдөп иштеп атканда эле ошондогу Совет, азыркы Кара-Кулжага которуп калышат. Эмне болуп кеткенине түшүнбөгөн Базарбаев Усубалиевге кирип таарыныч кылып: "Кочкордой чоң райондо иштеп туруп жаман иштегенсип кичинекей районго кантип барам. Башка эле район берсеңиз болмок"- дегендей кылат. Усубалиев унчукпай угат да. "Маселе райондун чоң кичинесиде эмес. Иштей билгениңде. Алыскы Советке да барып иштеп көр. Каалабасаң арызыңды жазып иштен чыгып ал. Ал жакка барам дегендер табылат", - деп коет. Анда иштен бир чыгып номенкулатурадан кетсең, кайра киришке мүмкүн эмес эле. Ошентип,  Базарбаев Совет районуна барып ал жакта да жакшы иштеп өзүн көрсөтүп, андан келип эле министирликтин деңгээлиндеги Госагропром дегенге төрага болуп көп жыл иштеген. Кейпи Усубалиев кыраакы киши эмеспи, Базарбаевдин канчалык денгээлде мамлекеттик кызматты сыйлай турганын текшерип көрөйүн десе керек.

Бүгүн да ушундай сыноодон өтө турган кырдаал жаралды. Туура, сөзсүз нааразычылыктар болот. Ким эле жылуу ордунан козголгусу келсин. Далайлар бир райондо көп жыл иштеп, ал районду акимдик кызмат ордунан мурун жеке бизнес борборуна айландырып алгандар бар. Алар "Эч жакка барбайт элем"- деп чыгышат. Жогорку бийликке карата түрлүү интиригаларды уюштурушат. Айрымдарга жөнөткөн райондору жакпайт. Кыскасы, бул реформа деле жеңил - желпи өтө калбайт. Бир гана ишеним мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эң туура жол болгонун келечекте көрөсүздөр.