Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 130

Акаевдин соцтармактардан чыгып актанып сүйлөп айтып жаткан сөздөрү, "Азаттыктын" трайбалисттерине берген интервьюсу менен төмөндөгү Бакиевдин "Кумтөр" боюнча маегин салыштырып көргүлө. "Чымчык сойсо да касапчы сойсун" дегендей, Бакиевдин ар бир сөзү анын жогорку денгээлдеги күчтүү билиминен, профессионалдык лидердик касиетинен, адам аваз кыла турган бийик маданиятынан кабар берет. Өзүнөн мурда иштеп кеткен Акаевдин, өзүнөн кийин эл башкарган кокуйлардын биринин да адресине жаман сөз айтпай, тигилер окшоп оюнан токулган жалгандарды кошпой, ар бир башы ордунда бар адам үчүн түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып жооп бериптир. 

Акаев "жалганды чындай, чынды Кудай ургандай" кылып чычалап сүйлөп коюп, артынан жалгандары ачылып, ит алган түлкүнүн кебетесин кийип калды. Акаевдин сүйлөп жаткан жомокторун уккан адам: Акаев өлкө башкарбаганын, эч нерседен кабары жок экенин, анын ордуна башкалар башкарып, ал болсо "президент" деген гана куру атты алып жүргөн марионетка экенин байкай алат. 
 Ал эми Атамбаевге кеп жок, адатындагыдай дөөрүп: "Эгер Акылбек Жапаровдун айткандары чын болсо, мен түрмөдө дагы он жыл олтурууга даярмын", - дейт. Ойлоп көргүлөчү:

Биринчиден, ушул сөз эл башкарган президент айта турган сөзбү?

Экинчиден, он жыл эмне болуп калыптыр? Атамбаевдин кылмыштарын топтосо, артында кала турган жети муун урпагына жетип артып калат. Союздун убагы болгондо Атамбаев атылып кетмек. Жок, адашып жатам. Атууга жетпей эле Кой- Таштагы уюшулган террористик аракеттери үчүн, дал ошол хан сарайы менен кошо жардырылып, күлү көккө сапырылып жок болмок. 

Мен Бакиевдин маегин окуп олтуруп, азыркы биздин "Кумтөр" боюнча Канада менен болуп жаткан аябай чоң мааниге ээ болгон күрөштө Бакиевдин билими абдан керек эле деген ойдо калдым. Кана эми бардык амбициябызды жыйыштырып, эртеңки күндө жеңишке жетип жүзүбүз жарык болсун десек, анда Канада менен болуп жаткан талаш тартыш иштерге Акылбек Жапаров, Тенгис Бөлтүрүк, ошону менен эле бирге Бакиевди кошуп коюшса, биз сөзсүз утуп чыкмакпыз. Себеби, Бакиевдин билимине таң бербеген адам, ал мээси бопбош манкурт адам гана болушу мүмкүн. Биз үчүн азыр мамлекетибиздин кызыкчылыгы баарынан жогору туруш керек. Баарыбыз бийликти колдоп, Кудайдан жакшылыктарды тилеп, келечекке ишенишибиз керек. Момбеков окшоп, жамандык чакырып таң атпай эшигиңде какылдаган каргадай болуп: "Мен "Центерраны" утуп чыгышыбызга ишенбеймин", -  дебей. Ылайым эле ниетин кара башыңа көрүнсүн трайбалист эл бузар. 

   Шамурза  Бөрүкулов