"Аскар Акаевдин Кумтөрдө 2003-жылга чейин алтындын баасы арзан болгондуктан "Камеко" эч кандай пайда көрбөй карызга иштеди деген сөзү такыр суу кечпейт, сонун эле пайда көргөн. Анын үстүнө "Камеко" бизге инвестиция жасаган эмес, болгону 45 млн доллар салым кылыш керек эле, аны деле салган-салбаганы белгисиз болуп калган. "Кумтөр" толугу менен кредитке курулган, болгондо дагы келишимде көрсөтүлгөн каражаттан эки эсе көп коротуп курушкан, анан ал кредиттин 67 пайызы биздин эсептен төлөнгөн. Ошондуктан Акаевдин бизге ири инвестор келди, алар абдан зор иштерди жаратты дегени да жалган. Өзүбүздүн тебетейди өзүбүзгө эле кийгизип, пайдасын алып чыга беришти алар.

Бул жөнүндө 2001-жылдын апрель айында мен "Кумтөр Оперейтинг Компанинин"  Президенти Терри Роджер менен жолугушуу учурунда катуу айтышып калганбыз, ал кезде облустун губернаторунун 1-орун басары элем. Анткени,  ошол учурдагы документтерден улам алар чыгымдарды обу жок көбөйтүп, ошону менен катар Генералдык келишимде амортизациялык которуу 32 млн. доллар жылына деп турганына карабай, жылына 65 млн долларды которо баштаганын тактагам. Бул келишимди одоно бузгандык эле. Башкача айтканда алар Кыргызстан алуучу акча-каражатын будамайлап, ары-бери жок кылып, таза киреше жок деп отчет бере башташкан. Бул жөнүндө жолугушууда ачык айтсам мага карата интригаларды уюштуруп, Жети-Өгүз районунун ошол учурдагы акимин жана кай бир айыл өкмөттөрүн жалдап алышып Акүйгө кайрылуу жолдошкон, кол топтоп, райондун элинин атынан: "Кумтөр" жакшы иштеп жатат, районго жакшы жардам берип жатат, ал эми Каптагаев жөнү жок тийишип жатат" - деп. Ошол кырдаалда Роджерс мырзага кат жолдоого мажбур болгом", - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.