"Кумтөр" маселеси боюнча 7-депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылды: 

- “Кумтөр” боюнча бардык комиссиялардын тыянагында Коррупциялык кылмыш 1992- жылы башталып, башкы кылмышкер катары Кыргызстандын мурдагы бардык президенттеринин, өкмөт башчыларынын жана башка кылмыштын катышуучуларынын аттары такай аталып келүүдө. Бирок ушул күнгө чейин алардын бири да жоопко тартылган жок! Иш жүзүндө «кылмышкер жок, кылмыш жок» принциби жашап келет!" – деген. Тескерисинче, ушундай тыянакка келишкен жана КРнын президенттерине күнөө коюшкан  бардык комиссия мүчөлөр, саясатчылар, чиновниктер Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан куугунтукка алынат.

 “Кумтөргө”  байланыштуу козголгон кылмыш иштер чыныгы толук курамында бири да башкы күнөлүүлөр боюнча аягына чыгарылган эмес,  анын ордуна атайын жаны кылмыш иштер козголуп, экинчи, үчүнчү ролдордогу «кол койгондор», «салык жыйнабагандар», «жер бергендер»  ж.б. жаны кылмыш иши ачылып, анан эскирүү мөөнөтүнө шылтоолонуп кайра жабылып, ошону менен унутулат.

“Кумтөр”  алтын кени боюнча коррупциялык кылмыш А.Акаев менен чет элдин жараны Б. Бирштейнден 1992- жылы башталса да, ушул күнгө чейин ошол коррупциялык келишимдер, схемалар  «кайра түзүлүп»  «башкача шарттарда»  улантылып жашап жатат. Кылмыш-жаза мыйзамдарында муну улантылган кылмыш (продолжаемые преступления)  деп коет.

Ушул  кылмыштын Кыргызстанда уланышына  улам кийинки президенттер эле эмес, «легендарлуу»  ЖКнын , андан кийинки чакырылыштардын  көпчүлүк депутаттары, айрыкча үй- бүлөнүн көзүн карашкан,  2008- жылдан берки “акжолчулардын”  жана азыркы парламенттеги бир эмес үч президенттин көзүн караган чыныгы «жолдуу» көпчүлүк депутаттардын күнөөсү чоң. Анткени 2010- жылдан 2021- жылдын 5- майына чейин Конституция боюнча өкмөт башчысын парламент аныктап,  дайындаган жана  өкмөт ар жылдык аткарган иши боюнча бир гана Жогорку Кеңешке отчет берген жана жооптуу болгон.

Кечээ да А.Жапаровдун тыянагын угуп, өздөрү бардык жоопкерчиликтен адаттарынча качып, бардык маселени кайрадан Президент менен Министрлер Кабинетине үч айга “футболит”  этишти. Эмне үчүн 2009- жылы ЖК тарабынан мыйзамсыз «эл аралык статусу» берилип ратификацияланган жаңы шарттардагы коррупциялык  келишимди өздөрү жокко чыгарып, анан убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болбойт?!  Ошондо укуктук чечимге окшош болмок. Азыр 2009- жылкы жаңы шарттагы келишим, андан келип чыккан башка келишимдер, айрым мыйзамдар күчүндө  турат, ага карабай аларга каршы келген жаңы мыйзам кабыл алышып, убактылуу тышкы башкарууну эмнеге киргизишти? Жапаровдор суранган үчүн элеби? Жапаровдор суранган күндө да, туура, мыйзамдуу чечимди алып беришсе, жеке жоопкерчиликти алып жаткан президентке  кыйла жеңил болот эле деп ойлойм.

Ушул жылдын башында А.Жапаров жетектеген жаңы мамлекеттик комиссия түзүлгөндө  «карышкырга кой кайтартып...»  деп мен өз чоочуулоомду жаздым эле. Турмуш көрсөттү, эл күткөндөй “Кумтөргө”  биротоло чекит коюлбады...  «Карышкыр» «чет элдик койлорду» жара тартып салбады,  болгону,  “Кумтөрдун”  алтын «бетегесин» оттошкон «чет элдик койлорго»  жаңы  «соодалашуу»  үчүн үч ай убакыт алынды. Үч айдан кийин элибиз “Кумтөр”  маселесинде Акүйдөгү  «жаңы дракондордун»  элдин башын ооруткан, актанган  кезектеги сөзүн угуп калбайбы ?! Ал «дракондорго» каршы жаңы «чапайчылар» пайда болбойбу?!

Дагы бир көңүл бурчу факт -  бул экологиялык зыян боюнча доо арыз  райондук сотко жеке жарандын атынан берилиши... Мындай доону башында  мен урматтаган Динара айым олтурган министрлик, прокуратура же Жогорку Кенештин тийиштүү комитети  же башка тийиштүү мамлекеттик органдар берсе болбойт беле? Эмне үчүн ушундай болду?! Муну мен эмне үчүн айтып  жатам, 2009- жылкы кайра каралган жаңы шарттардагы келишим «соодага» түшкөндү да “Центерра”  тарап Кыргыз тарапка  тергөө, сот органдарындагы кылмыш иштер,  бардык талаш -тартыштар  боюнча доолор токтотулсун деген шарт койгон. Ошол шартка ылайык К.Исабеков  өзүнүн доосун алып салса керек эле. Эртең  Исабековдун жоругу  дагы кайталанбайбы? – деп жазган Азимбек Бекназаров.