Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 

- Өткөн жума ичинде Жогорку Кеңеш  "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу 30 жыл ичинде атайын түзүлгөн 7-комиссиянын ишинин жыйынтыгын карады. Бул жолку комиссиянын тыянагынан мурдагы эле комиссиялар аныктаган, айрыкча  2012-2013- жылдардагы парламенттик жана мамлекеттик комиссиялардын тыянагындагы эле фактылар, күнөөлөөлөр, кошумчасы - андан берки улантылып жаткан кылмыштарды Атамбаев менен Жээнбековко жана алардын айрым чиновниктерине ыйгаруулар менен чектелишти. Сунуштаган долбоору да «үч ай бергиле» - деп окшош. Жаңылыгы - "Кумтөргө" тышкы башкарууну киргизүү болду. Мындай көрүнүштү мен мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм.

Урматтуу  президент, чейрек кылым мезгил ичинде негизинен үч маселеде: биринчиси,  чек ара маселесинде, экинчиси, кен- байлыктар, анын ичинде "Кумтөр" алтын кени боюнча, үчүнчүсү,  коррупция  менен күрөшүү маселесинде өзүмдүн өзгөчө  айнылгыс позициям менен  Кыргызстандын мурдагы бардык президенттерине «душман» болуп келген "Кумтөр"  алтын кени боюнча 1992- жана 1994- жылы түзүлгөн Башкы Келишимди 2003- жылкы кайра түзүү ( реструктуризация), 2007- жана 2009- жылдардагы кайра каралган жаңы шарттардагы келишимдерди, андан келип чыккан башка ондогон келишимдерди жана кабыл алынган Мыйзам, Токтомдорду жана 1992-жылкы башында депутат Ш. Мамбетов, 2003-2004- жылдары Мыйзам Чыгаруу Жыйынынын үч токтомун, 2007- жылы башында өкмөт башчы А.Атамбаев,  2009- жылы башында  өкмот башчы И. Чудинов, 2012- жылы башында депутат С.Жапаров,  2013- жылы башында министр Т. Сариев, 2021- ж. башында депутат А. Жапаров турган комиссиялардын чыгарган тыянактарын, "Кумтөр" боюнча жазылган К. Исабековдун  "Мафиясын", С. Жапаровдун  "Кыянатын" жана башка ондогон инсандардын,  анын ичинде экс- президенттердин берген интервью, айткандарын салыштырып изилдеген, бир нече элдик Курултайда, илимий- практикалык конференцияларда  "Кумтөр маселесин негизги маселе катары көтөргөн,  "Кумтөр" боюнча түзлгөн бардык коррупциялык келишимдерин жокко чыгаруу максатында элдик демилге жолу менен 1- жолу мыйзам долбоорун ЖКга киргизген (2013- ж.) жана "Кумтөрдү элдин кызыкчылыгында иштетебиз деп, эки  ыңкылапта негизги талап катары койгон инсан, "Кумтөр"  коррупциясы боюнча 2005- жылы апрель айында кылмыш ишин козгогон мурдагы башкы прокурор катары өзүмдүн төмөнкү фактылар менен сунуштарымды сиздин "Кумтөр" маселесин чечүүдөгү жүргүзүп жаткан саясатыңызды колдоо менен бирге, сизге да расмий жиберүүнү чечтим! Анткени дагы бир жолу эл аралык  шылуундарга алданууга укугубуз жок! - деп жазган Азимбек Бекназаров.

Андан ары Бекназаров

- 1992- жылдан ушул күнгө чейинки бардык комиссиялар негизинен “Кумтөр”  алтын кени боюнча түзүлгөн Макулдашуулар аракетте турган КРнын Конституциясын жана мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөнүн жана Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбаганын, ошонун кесепетинен Кыргызстанга орду толгус экономикалык жана экологиялык тири укмуш зыян келтирилип жатканын тастыкташкан.

Бардык комиссиялардын тыянагында Коррупциялык кылмыш 1992- жылы башталып, башкы кылмышкер катары Кыргызстандын мурдагы бардык президенттеринин, өкмөт башчыларынын жана башка кылмыштын катышуучуларынын аттары такай аталып келүүдө. Бирок ушул күнгө чейин алардын бири да жоопко тартылган жок! Иш жүзүндө «кылмышкер жок, кылмыш жок» принциби жашап келет! – деген.