Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 136

Коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Британия жана Канада элчилигинин ММКларга жарыяланган билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады:

- Аталган элчиликтердин жана банктын билдирүүсү таң калыштуу болууда. Азынча эч нерсе боло элек, Кыргызстандын парламенти экологияга байланышкан маселелерди кароого чогулушту, бул эл аралык милдеттенмелерге каршы келбейт. Экологияны коргоо бир гана кыргыз өкмөтүнүн милдети эмес, ошол эле Канада, Британия өлкөлөрүнүн, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кызыкчылыгындагы нерсе. Булардын баары Париж келишиминин катышуучулары жана экологияны коргоо боюнча милдеттенме алышкан. 

Centerra Gold бул жылдар аралыгында коррупцияланышкан өкмөттү өз таасирине алып, экологияны жапайычылык менен талкалашты. Жыйынтыгында, жапайы иш аракеттердин кесепетинен айлана чөйрөгө орду толгус зыян келтирилди. Давыдов, Лысый, Петров ж.б. мөңгүлөр талкаланды. Кумтөр  Gold жана "Камеко" цианид ташып келатып Барскоон дарыясына төгүп алышкандагы жоопкерчиликтен качып кетишти. 

Ушулардын баарын эске алганда, Британия, Канада элчиликтеринин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын билдирүүсү таң калтырат. Адатта алар экологиянын коргоону жактап келишчү эмес беле.