- Кумтөрдү иштеткен "Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) эл аралык келишимдерди бузду деген максатта кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бериптир. Эми эл аралык соттор "Центерра Голддун” экологияга эсепсиз зыян келтиргенин эске алабы же “Центерранын” максатын ишке ашырган чечим чыгарып коёбу?

- Менимче,  биз эл аралык келишимдерди бузган жокпуз. Тескерсинче, “Центерра Голд” Кыргыз мамлекети менен болгон келишимдерди, экология, салык боюнча мыйзамдарды бузган. Экологияга орду толгус зыян келтирип, табийгатыбызды талкалашкан. Тагыраагы, 2003-жылкы келишим коррупциялык келишим болгон. Ошон үчүн бул маселеде коррупция боюнча да  иш козголушу керек. Анткени, коррупция бар жерде сот сөзсүз кыргыз тарапта болот. Ошондой эле, 2003-жылкы келишим боюнча Кумтөр мыйзамсыз менчиктештирилгени да эске алынышы шарт. Кыскасы, кыргыз бийлиги коркпой эле чечкиндүү кадамдарга бара берсе, утуш биз жакта болот. Азыр дүйнө жүзүндө экология маселеси биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан, артка чегинбей, алдыга кадам таштап, эл аралык соттор экологияны эмес, келишимди эске алат дегенге алданбашыбыз керек.  

- Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) бул аракети менен кыргыз өкмөтүн кандайдыр бир  келишимге келтирүүгө аракет кылып жатабы же алардын эл аралык сотто утуп алабыз деген ишеними чоңбу?

- Мен “Центерра Голд” компаниясынын  бул аракетин кыргыз өкмөтүн коркутуу деп түшүнөм. Анткени, булар сүйлөшүү жолу менен пайданы өз кызыкчылыгына чечүүгө мастер болуп калышкан. Ошон үчүн “Центерра Голд” компаниясы сүйлөшүүгө келгенде сөзсүз шантаж кылып, коррупция  менен болсо да маселени өз пайдасына чечүүгө аракет кылышат. Ошон үчүн алдын ала эл аралык сотко берип, кыргыз бийлигин алсыратууну көздөп жатышат. Бирок кандай болгон күндө да  утуш биз жакта болот. Ошондуктан, булардын түрдүү амалдарына алданбай, катуу турушубуз керек. 

-Эми алар биринчи жолу" Центерра Голд” компаниясына каршы чыккан бийликти кетирүүгө аракет кылып, бийликти көксөп жүргөн топту каржылап жибербейби?

- Булар ал ыкманы да колдонушу  мүмкүн. Анткени, Кумтөрдүн артынан улуу инсандардын көзү өтүп кеткен. Ошондой эле,  Жогорку Кеңештин депутаттары күчкө салынып   таркатылган. Ошон үчүн  “Центерранын”  бардык кадамдарына даяр турушубуз керек. Булардан баарын күтсө болот. Бирок эч кимибиз аларга алданбай, алардын жетекчилери кылган кылмыштары үчүн жооп беришин талап кылышыбыз керек. Тагыраагы, Кумтөр мафиясы менен күрөшүүдө  бийликке ар тараптан жардам беришибиз керек. Кээ бир маселелерде кеңешибизди аябай, коомдук пикир жаратууда кол кабыш кылышыбыз зарыл. Ошондой эле, бийлик да ар бир кадамын кесипкөй адамдар менен кеңешип, кылдат иш жүргүзсө,  кыргыз эли ынтымакта алтын мафиясына чекит коёбуз. 

-Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров  “Сапар Исаковдун өкмөтү  стратегиялык келишим түзүп,  экологияга келтирилген доону да артка чакыртып алган”- деген оюн айтты.  Бул келишим боюнча кандай пикирдесиз?

-Мен Сапар Исаков кыргыз элинин кызыкчылыгы эске албай, “Центеррага” жан тартып, аларды бирөө доого жыга турган болсо, кыргыз өкмөтү коргой турган милдеттемелерди алган келишимин кыргыз элине кылган чыккынчылыгы дейт элем. Тагыраагы, ал келишим менен Сапар Исаков колу -бутубузду тушап бир жеке компанияга кыргыз элин басып берген. Мындай чыккынчылыгы үчүн жана суу Кодексин өзгөртүп, мөңгүлөрдү бузууга жол бергени үчүн Атамбаев жана Сапар Исаков мыйзам алдында жооп бериши керек.