“Кумтөрдү” иликтеген комиссиянын мүчөсү Каныбек Иманалиев, отчётко жазылбаган жеке изилдөөсүн айтып жатып, буларга токтолду.
- “Центерра” Түркияга, Монголияга, Канадага суу үчүн акча төлөйт. Кыргызстан үчүн 23 жыл бою сууга акча төлөгөн эмес. КМШнын орточо баасы менен эсептегенде жанагы көрсөтүлгөн каражаттардан бөлөк булар Кыргызстанга суу үчүн 157 миллион доллар төлөшү керек. Мөңгүнү талкалашканын айтпаганда дагы.
Мындан тышкары, “Центерра” 6 жарым миллион кыргыз элине 10 жылда 87 миллион доллар дивиденд төлөсө, 10 жылда Торонтодогу офисине 520 миллион доллар төлөшкөн. “Кумтөрдүн” эң чоң офиси Бишкектеги “Учкун” басмаканасында жайгашкан. 4 этажды арендага алышып, жылына 70 миң доллар төлөйт. Торонтодогу офисине жылына 52 миллион доллар төлөйт. Айтайын дегеним, “Кумтөрдүн” ар бир квадрат метринен 1000 эсе кымбат каражатты Торонтодогу кеңсесине төлөшөт.