- Ачыгын айтканда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити жүрүп жаткан учурда Тажикстандын кыргыз жергесине ачык кол салып, агрессиялык чабуул жасагандыгы көпчүлүгүбүз үчүн күтүүсүз болду. Түшүнбөй калдык. ОДКБ уюмунун саммитине келгендер эч нерсе болбогондой сүйлөшүп, таркап кетишти. Айрыкча, бул уюмдун зарылдыгы аба суудай керек болгон Россиянын салкын мамиле жасап, тажик бийлигин кой деп койбогондугу жаныбызды кашайтты. Уюмду түзүп жатканда жарыяланган максатттар талкаланып жок болду, ага мүчө мамлекеттер кол койгон келишимдин пункттары толук бузулду. Андагы бири бирине кол салбоо тууралуу пакт кечирип коюңуздар, бокко жарабады. Ушундан улам, биздин өлкөдө гана эмес, башка мүчө мамлекеттер эли дагы уюмдун зарылдыгы тууралуу маселе коюшууда. ОДКБ демек, Россияга керек учурда колдонулат экен да, башкалардын башына иш түшкөндө жымжырттык өкүм сүрүп турат. Чындыгында, саммит болуп жаткан жеринен токтоп, ага катышкан делегация башчылары кыргыз тажик чек арасындагы окуяларды талкуулап, билдирүү жасашы керек болчу. Бул бир.
Экинчиден, биздин ОДКБдагы өкүлүбүз эмне үчүн Тажикстандын агрессиясын ошол замат айыптап, бул маселени кароону талап кылган жок. Колунан бул иш келбегенине караганда жөн эле айлык алып жүргөн бир макулук окшойт го анысы.
Тажик бийлигине ОДКБнын унчукпаганы канат байлады да, алар оор курал жарактарды колдоно баштаган.
Демек, кыргыз бийлиги да эсине келиши керек. Качанкыга чейин державалардын тряпкасы боло беребиз. Саясий чечим кабыл алып, чыгып кетсек, ошондо гана биз менен эсептешип калышат. Андай ачык кадам ташталмайын, көр боло беребиз. Бизге бир тыйынчалык да кереги жок мындай уюмдун...
Булак: "Жаңы Ордо" гезити