Centerra Gold компаниясынын Кыргызстанды арбитраждык сотко бергени кыргыз тарапты коркута албайт. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Компаниянын менеджментине коркутуп-үркүтүүлөр эми өтпөйт деп айтып коюш керек болду. Кыргызстан башка акционерлер менен бирге өзүнүн укугун коргойт. Биз арбитраждык соттон коркпойбуз, алар да кырдаал өзгөрүлгөнүн түшүнүштү окшойт, эми сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштап жатышат", - деген Жапаров Жогорку Кеңешке арбитраждык сотто эл өкүлү катары катышууну сунуштады.
Ошондой эле, Кумтөр боюнча чечимди бүгүн кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, комиссиянын корутундусун колдоп коюуну депутаттардан суранды.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.