Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 164

Эмне дебейли, кандай себеп издебейли, кандай саясий түс бербейли, бирок БШКга шайлоонун «добуштарды сатып алуулар болду» деген себеп менен жокко чыгарылганы туура болду. Айрым партиялардын добуштарды сатып алгандары факт, чындык. Ал эми «добуштарды сатып алган жокпуз» деп актангандары уурунун өлгөнчө жеп тойгончо карганганындай эле кеп. Кайра өтчү шайлоодо тигил же бул партия кайра эле добуштарды сатып алышса, ал партиялар шайлоодон кайрадан четтетилиши керек. Массалык түрдө добуш сатып алуулар болсо, анда шайлоо кайрадан жокко чыгарылышы зарыл. Ушундай жол менен гана шайлоодогу мыйзам бузууларга, добуштарды сатып алууларга бөгөт коё алабыз.

Керек болсо, алдыдагы парламенттик шайлоодо да добуш сатып алуу, мыйзам бузуу фактылары катталса, ал партиялар шайлоодон четтетилип, шайлоо жокко чыгарылсын. Бир мандаттуу округдардан аттанган талапкерлердин акча таратуу фактылары аныкталса, ал талапкер жарыштан чыгарылсын. Шайлоолордун мыйзамдуу өткөрүлүүсүнө жетишүү үчүн ушундай мыйзамдык катаал чараларга баруудан башка жол жок бизде. Антпесек, партиялар добуштарды сатып алууларын койбоду, же шайлоочулар добуштарын саткандарын токтотподу. Тилекке каршы, бизде азырынча шайлоочулар добуштарын сатпай тандоо кылганга даяр эмес экен. Шайлоолор бизде талапкерлерди тандоо эмей эле добуштарды соодалоо, пулдоого айланып калгандыгы кашкайган чындык. Добуштар пулданган шайлоо түпкүлүгүндө элге да, өлкөгө да жакшылык алып келбейт.

Мирлан Дүйшөнбаев