- Кум-Төр анын айланасындагы чырлуу коррупциялык иштер тууралуу деги эле айтылбаган сөз калды беле? Бүгүнкү Акылбек Жапаро тарабынан ачыкка чыгып жаткан сөздүн бары көшөгө артында ,ашканада буга чейин деле айтылчуу эмес беле. Кумтөрдүн Кыргызстанга жасаган мамилеси Кыргызстандын мыйзамдарын  кой, деги эле дүйнөдөгү бир да мыйзам көтөрө алгыс иш.  Алардын ошентип эсирип кетишине, мамлекет ичиндеги эч ким кирише алгыз өзүнчө мамлекет түзүп алышына биринчи кезекте бийликтин эң башында отургандар шарт түзүп беришкени да чындык. Канчалык терең изилденген сайын ошончолук укмуш былыктар чыга берет. Муну биринчи кезекте Кумтөрдүн жетекчилиги жакшы билет. Ошондуктан,  Кумтөрдүн жетекчилиги эч убакта эл аралык сотторго кайрыла албайт деп ойлойм. Мисалга, экологиялык кылыктары боюнча эл аралык комиссия келип текшеришсе келген комиссиянын мүчөлөрүнүн жүрөктөрү түшүп калат. Анда түз эле адамзатына, анын ичинде жалпы Борбордук Азияга жасаган катастрофалык иштери үчүн милларддаган доллар каражаттарды төлөп эле кутулушпастан бүт камалышы керек болот. Мен муну Кумтөргө бир жолу барбасам да  окуган маалыматтарымдан эле билип, бөркүмдөй ишенип турам. Экинчи, иш үстүндө 30дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 100дөн ашык адам майып болуп калса да бир да жетекчи жаза алган эмес. Дүйнөдөгү бир да мамлекетин мыйзамында адам өмүрү кыйылса да эч ким жазаланбай, өз билгенин кыла берсин деген көрсөтмө жок. Кумтөрдүн жетекчилерине токтоосуз кылмыш иши козголушу керек да, эгер качып кетишсе Интерполго берип коркунучтуу кылмышкерлер деп аташ керек.  Ал эми коррупциялык аласа-береселери улам ачыкталган сайын дүйнөлүк коомчулукту жийркенткен факфтылар толуп чыгат. Бул да Кумтөрдү ишеткендердин абийирин айрандай төгөт. Кумтөрдү иштеткендердин эл аралык сотко кайрылабыз деи өзүбүздү өзүбүз өлтүрөбүз дегенге барабар. Муну алар жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.