Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу Өзбекстандын жана Казакстандын президенттеринин кийлигишүүсү менен токтогонбу? Бул суроого Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев телеканалдардын бирине берген маегинде жооп берди.
"Мындай божомолду саясат талдоочулар интернеттен окуган маалыматтарынан улам эле версия кылып чыгарып коюшту. А чындыгында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу байланышып, кырдаалды тынчтандырууга аракет кылды. Ал башкы командачы катары ок атууларды 29-апрелдин саат 20.00үндө токтотуу буйругун берди. Мен президенттин тапшырмасы менен УКМКнын биринчи орун басары, ИИМдин биринчи орун басары менен биргеликте Тажикстандын УКМК башчысы, Согди облусунун губернатору менен жолугуштук. Биз ок атууларды токтотуу протоколуна кол койдук. Андан сырткары сүйлөшүүлөрдү тереңдетүү, аскер техникаларын чыгарып кетүү, иш тобун түзүп, кырдаалды көзөмөлгө алуу пунктары да каралды. Бирок протоколго кол коюлгандан кийин, кечки саат төрттөр чамасында Лейлектеги бир нече айылдагы турак-жайларды өрттөп салышты. Биз ал убакта элди чыгарып кеткен болчубуз", - деди Суваналиев.
Ошондой эле, ал коомчулукта айтылып жаткан тажиктердин куралдуу кол салуусуна Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү себеп болду деген пикирлерге өз жүйөсүн келтирген.
"Суу сактагыч союз убагында курулган, Баткен районунун балансында эзелтеден бери турат, ал Баткен районунуку. Союз убагындагы эки өлкө суу сактагычты биргеликте пайдалануу боюнча келишимдер жокко чыгарылбаган. Ким канча убакыт, кайсы убакытта колдоноору белгиленген. Ошол бойдон эле келе жатканбыз. Бирок суу сактагыч Баткендики экенин унутпашыбыз керек. Билдирүүнүн айынан ушундай болду дегендер жаңылышат. Бул жөн гана риторика", - деген ал.