Беларустун Минск шаарында жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун жарандарына көңүл айтып, накталай акча жөнөттү.
Бул тууралуу Фейсбук тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов өзүнүн баракчасында жазды. Анда мындай деп айтылат: «Курманбек Салиевич Бакиев кечээ, 13-май, Рамазан айынын улуу Айт күнү Баткендеги каргашалуу окуяда жабыр тарткан, үйү күйүп кеткен жарандарга, каза болгон үй-бүлөлөргө, Мадина кызыбыздын ата-энесине, жарадар болгондорго салам дубасын түз жеткирип, ар бир үй-бүлөгө, жардам колун сунду. Аза кайгыларын тең бөлүшүп, 89 үй-бүлөгө 4 миллион 440 миң сом накталай акча каражатын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн түз жеткиртип, жабыркагандардын өз колдоруна тапшыртып берди.
Булак: Элгезит