Баткендеги чек ара маселелери 30 жылдан бери үйүлгөн, бир да жолу чечүүгө аракет жасалган эмес. Бул куралдуу кагылышуунун болушуна жол ачты. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.
"Мурда окуя мынчалык өңүткө бурулган эмес. Ооба, 2014-жылдын 11-январында да ошол эле "Головнойдун" тегерегинде чыр болуп, минометтер колдонулуп, аскердик кагылышуу болгон. Бирок мынчалык эмес эле. Андан кийин эки тарап биргелешкен чечим кабыл алып, "Головнойду" чогуу кайтарууга алган. Мен губернаторлук кызматта эки жарым ай болдум, ага чейин 23 жыл мурда УКМКнын Ош облусу боюнча башчысы болуп иштегем. Ал убакта Баткен облусу жок болгондуктан, чек арага байланыштуу маселелер биз аркылуу өтчү, ошондуктан акыбалды жакшы билем. Губернатор болуп барганымдан кийин бул жылдар аралыгында эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрдүм. Өзгөргөн болсо да жаман жагына. Анткени, илгери эки эл бир топ ынтымактуу болчу, союздун таасиринен чыга элек эле, эки тараптын ынтымакка чакырган аксакалдары боло турган. А азыр жаштардын бир топ каны суюк.
Акыркы бир жыл ичинде пандемиядан улам эки элдин карым-катышы жоктогон. Өткөрүү пунктары жабык, анын аркасынан эки элдин соода байланышы да жок. Губернатор болуп барганымдан кийин деле шарт-абалга байланыштуу өткөрүү пунктарын ачпадык. Дагы бир аз убакыт керек эле. Андан кийин контрабандага күрөш күчөдү, мындан улам контрабандалык топтордун нааразычылыгы пайда болду, алар кырдаалга таасир тийгизишти. ГСМ, курулуш материалдарын өткөрүү токтотулду. Анан дагы наркотоптордун агымы тыйылды. Бул да өзүнчө себеп болду. Мына ушулардын баары чыңалууну жаратты", - деген Өмүрбек Суваналиев.