Кыргызстан деген өз алдынча өлкө. Анда укугу мыйзам ченинде корголгон, эркин атуулдар жашайт. Кыргызстандын мыйзамдары ааламдагы демократиялуу, адам укугун сактаган, коргогон баардык өлкөлөрдөн кем эмес. Ооба, ачык айтыш керек, Кыргызстанда сот адилеттүүлүгү али толук кандуу мурда калыптанган коррупциялык, кландык, жек жааттык, жеке кызыкчылыктык алкактан али арыла албай келе жатса да аны тизгиндөөгө жана анын үстүнөн бейрасмий көзөмөл жүргүзүүгө коомдук аӊ сезим жетип өскөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бийликтин кайсы бутагы болбосун коомдук пикир менен эсептешип турат. Кыргызстандагы эӊ башкы эркиндик булагы бул сөз эркиндиги. 

Бирок ушул жагдайды да тескери жакка буруп, аны жеке кызыкчылыкка пайдалангысы келген күчтөр жок эмес. Өлкөнү өз алдынча өнүгүүгө бой таштатпай, анын ар бир кадамына кедерги болуп, кайсы бир деӊгээлде сырткы күчтөргө көз каранды болуп турушуна кызыкдар болгон күчтөр да арбын. Алар Бей Өкмөт уюмдар деген атка жамынып алышкандар.

Аталган уюмдар жана алардын активдүү мүчөлөрү учурда Кыргызстандагы ар кыл кырдаалга от тамызгы катары кызмат өтөшүүдө. Аларга Кыргызстанда тынчтык болушунун, өлкөнүн өнүгүп өсүшүнүн тыйынча зарылдыгы жок. Алар ар качан бейтартиптиктин, кырды-бычак кырдаалдын, төӊкөрүш жана талкалануунун тарапташтары. Мындай максаттарын алар Кыргызстанда ишке ашырууга ар качан жигердүү киришип келишет. 

Бирок ушуга чейин алар “Кай тараптан каржыланып, каякка отчеть берип, эмне кызыкчылыкты көздөшөт?”- деген суроого так жооп жок. Аныгы, алар ар качан масштабдуу иш-чараларды, митинг-пикеттерди өткөрүп, мамлекет бүтүндүгүнө түздөн түз коркунуч жаратуу менен талкалоого кол салып келишет. Алар кожоюндарынын акчасына биздин күчтөрдү сатып алуу менен биздин жергебизде чуулган салгысы келишет. Алар эч убакта бизде тынчтык болуусун жактабайт. Муну биз буга чейинки баскан жолубузда эчен ирээт көргөнбүз.

Бүгүн да алар аракетте. Жеткиликтүү маалыматтарда Бей Өкмөт уюмдарга ушу тапта өлкөдө башаламандык уюштурууга  420 миллион доллар келгени кабарланууда. Бул азырынча аныкталган сумма. Балким андан да көп болушу мүмкүн. Мына ушул сумма билген кишиге менин-сенин уйкуӊду бузуп, уяӊдагы жылуулукту жок кылууга келип жатат. Демек, биз алардын көчөгө чыккан көк жашыл, түркүн түстүү кол жоолугу болбошубуз керек!

Биз мамлекеттин бүтүндүгү же кыйроосу деген темада революциялык полигонго, эскперименталдык лаборпоторияга айланбашыбыз керек. Анүчүн биз биримдик ураанына түшүп, сырткы күчтөрдүн эмес, ички эркибизди тандообуз зарыл. 

Албетте, тандоо ар кимдин өз эрки. Бирок, бизде бир гана Мекен, бир гана Мамлекет бар. Биз ар кимибиз ажобузду, кожобузду боктоп, анын ийри-түзүн талдап олтургуча сырткы күчтөр бизге айыккыс сокку уруп жатышат. Биз ниетибизде биригип, жүрөгүбүздө бир ураанга түшүүбүз керек.