11-апрелде өткөн шайлоодо жалпысынан Бишкек шаардык кеңешке 26 партия катышып, алардын ичинен алты партия 7 пайыздык шайлоо босогосунан өткөн, алар — «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары болчу.
Бирок, шайлоонун шайтан оюндары от алып кетип, “добуш сатып алуулар” массалык түрдө катталгандыктан алгач НДПК партиясы мандаттан кол жууса, андан соӊ “Ак-Бата” жана, “Эмгек” партиялары да мындай тагдырга тушукту.
Натыйжада жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашып, бул жалпы шайлоочулардын 45%ын түзгөн. Мыйзам боюнча, эгерде шайлоочулардын добуштарынын жалпы санынын үчтөн бири жараксыз деп таанылса шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылат.
Анткен менен ушу тапта коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда шайлоонун жокко чыгарылышын сынга алып, аны саясый оюндарга айланткысы келгендер чыгууда. Алардын логикасына таянсак учур бийлиги шайлоону атайын жокко чыгарып, өздөрү каалаган партияларды алып келгени жаткан имиш. Мамлекет тарабынан шайлоолорду өткөрүүгө коротулган каражаттар сапырылып жаткан имиш. Акылга сыйбаган мындай бет тырмаарчылыкка кимдер муктаж? Албетте, шайлоо мыйзамын бузуп, мурдакыдай эле сатып алуулар менен каалаганына жеткиси келип, жеткенге көнүп да калган бир ууч топ муктаж болууда. Анткени азыр бийлик мыйзамды тебелөөгө жол бербей, тазаланууга, жаӊы кадамдар менен келечекке бет алууга аракеттенип жатат.
Албетте, акыйкаттык ар кимге эле жага бербейт. Анын куну да наркынан кымбатка түшөт. Адилеттикти, тазалыкты, жаӊыланууну каалагандар мындай батыл кадамга бара алышпаса анда алардын максаты жөн гана кыял, куру сөз боюнча кала берет.
Учур бийлиги ушул өӊдүү куру кыялдын кемесине түшпөстөн акыйкаттын тикендүү жолун тандап, мыйзам үстөмдүгүнө баш буруп жатканы так ушул шайлоолордогу мыйзам бузууларды ашкерелеп, аны электен өткөрүүгө белсенди.
Андыктан, биздин коомчулук эртеӊки муундун келечегин ойлосо, бүгүнкү олигархтардын адилетсиз жана талап тоноочулук саясатына каршы болсо бийликтин мындай кадамын колдоп алышы керек.