Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт тажик тараптын агрессиясы болгонун Баткен облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев телеканалдардын бирине берген маегинде ырастады. 

"Куралдуу кол салуу алдын ала пландалганы ачык билинип калды. Анткени, чыр "Головнойдун" тегерегинде чыкты дейли, бирок эч кандай маселе жаралбаган, тынч жаткан Лейлек району менен чектешкен чек араны да басып киришти. Мындан улам, баары алдын ала пландалганын билүүгө болот. Деги эле Баткен, Лейлек райондоруна караштуу бардык чек ара тилкелеринен киришти. Ортолорунда канча бир убакыт аралыгы болуп жатты, бирок баарында куралдуу кол салуу жасашты. Биз бул окуяга чейин тажик тарап "Головнойго" видеокамера орноткону үчүн Согди облусунун жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшкөнбүз. Эки тарап нейтралдуу жерден жолугушуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашканбыз. Тажик тарап видеокамераларды алууга, чек арага жакын жердеги окопторду жабууга убада беришкен. Бул эки тараптуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы болду. Биз тараптан Баткен, Лейлек районунун акимдери, УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИБдин, прокуратуранын өкүлдөрү катышты. Тажик тараптан да ушундай эле кызматтагылар Согди облусунун губернатору менен чогуу келишти. Ал күнү түнү чек ара аймагындагы абалга тыкыр көзөмөл кылдык. Бирок Исфара районунун акими видеокамераны алуудан баш тартты. Мен Тажикстандын жогорку палатасынын төрагасынын орун басарына телефон чалдым, бирок ал кишинин да айтканын аким уккан жок. Согди облусунун губернаторуна, башка жооптуу кызматтагыларга чыктым. Эч кимисинин тили бир райондун акимине өткөн жок. Ошондо эле, биз, тажрыйбалуу аткаминерлер мунун артында кандайдыр бир сыр жатканын боолголодук. Жогорку даражалуулардын сөзүн аким укпай койгондон соң демек, алардан да жогорку даражалуулардан буйрук алган болот да. Кырдаал курчуй турганын түшүндүк", - деген Суваналиев. 

 Ал 28-апрелде куралдуу кол салуунун алгачкы белгилери байкалганда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кабардар кылганын белгилеген: 

"Дароо президентке чалдым: "Акыбал өзгөрө баштады", - дедим. Ал киши биз менен үзгүлтүксүз байланышып, кырдаал тууралуу билип жатты. Андан кийин Камчыбек Ташиевге, Улукбек Мариповго байланышты. Биз тажик тарап менен дагы байланышып, эртеси түшкө жакын жолугушуп, маселени чечүүнү убадалаштык. Бирок ага жеткирбей таң эрте тажик тарап төрт жолдун кесилишкен жерин тосуп, таш атууларын улантты. Аны менен кошо ок атуучу куралдарды пайдаланышаары белгилүү болду. Ошондуктан, шашылыш акыбал кооптуу болуп турган айылдардын тургундарын тынч аймактарга чыгара баштадык. Бизди көрүп тажиктер да элин башка аймакка чыгарышты. Андан кийин баары башталды, тажик жарандары, аскерлери эч кимди угушпады, бастырып киришти".